1-апрелден тарта Бишкекте Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо үчүн жабылатБашка өлкөлөрдө жүк ташуу үчүн КР айдоочуларына эл аралык айдоочулук күбөлүк керекАлтымышев көчөсүндөгү курулуштар буздурулуп, Ала-Арча дарыясынын жээги бошотулдуӨкмөт башчы Адылбек Касымалиев Азербайжанга иш сапары менен баратКыргызстанда соттук экспертиза тутуму реформаланатБишкекте ордо боюнча биринчи жолу клубдар аралык чемпионат өтүүдө
Футбол: Кыргызстандык чабуулчу Литванын клубунда ойнойт
18.02.2023 | 11:35
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын чабуулчусу Шерали Юлдашев Литванын жогорку лигасындагы «Дайнава» ДФК менен келишим түздү. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол бирикмеси билдирди.
Аталган бирикмеден белгилешкендей, өткөн сезондо Юлдашев Швециянын «Умео» клубунда ойногон. Анда ал 19 беттешке катышып, эки гол киргизген жана бир голдук пас берген.
Юлдашев улуттук кураманын катарында алгачки ирет былтыр 24-сентябрда Орусияга каршы жолдоштук беттеште оюн ойногон. Улуттук курама үчүн бир беттеш өткөргөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт