Горький көчөсүнүн бир тилкеси ачылып, айрым каттамдар өзгөрдү

13.10.2024 | 17:40

Горький көчөсүнүн Жукеев-Пудовкинадан Юнусалиевге чейинки бөлүгү ачылып, коомдук транспорттун каттамы өзгөрдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 13-октябрда Горький көчөсүнүн Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоп-түзөө иштеринен кийин ачылды.

Буга байланыштуу аталган көчөлөрдө №102, 145, 175 автобус каттамдары кайрадан иштей баштайт. Ошондой эле, № 48 автобустун маршруту убактылуу өзгөртүлүп, ага ылайык, акыркы аялдама Учкун конушуна чейин узартылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top