Кылмыштуулукка каршы күрөш, айлык жана турак жай: минкаб башчысы КР ИИМинин иши тууралууУн, май жана эмерек: чакан жана орто бизнестин өнөр жайдагы үлүшү өстүЮристтин ордуна жасалма интеллект? КУУнун студенти «Мыйзамчы» укуктук жардамчысын кантип түздүКР Курулуш министрлиги көйгөйлүү курулуш компанияларына тышкы башкаруу киргизүүнү пландап жататБишкекте үч фонтан ачылып, муниципалдык кызматкерлер сыйланды — сүрөтЭрназар Акматалиев Астанадагы дүйнө чемпионатында күмүш байгеге ээ болду
Кыргызстанда порносайттарды жабууга багытталган мыйзамга кол коюлду
29.07.2025 | 12:33
Президент Садыр Жапаров порнографиялык контентке бөгөт коюу боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Президенттин администрациясынан маалымдашты.
Жаңы мыйзамга ылайык:
- Мындай контент жайгашкан сайттарга 1 күн ичинде материалды өчүрүү боюнча эскертүү берилет;
- Эгерде сайттын ээси талапты аткарбаса, портал 2 айга чейин жабылат;
- Бардык интернет-провайдерлерге порнографиялык мазмундагы контентти жайылтууга тыюу салынат;
- Мыйзамды ишке ашыруу үчүн Министрлер Кабинети порносайттардын тизмесин түзүп, жөнгө салуу механизмдерин иштеп чыгышы керек.
Мыйзам расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
Рубрики: Жаңылыктар