ЕАӨБ Ошто жолдорду куруу жана реконструкциялоо үчүн кредит беретЯпония ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыргызстандык жаштарга инклюзивдик долбоордун алкагында стажировкаларды уюштуратЖККУ глобалдык тобокелдиктерди баалоодо аналитикалык борборлорго таянууга чакырдыКазакстан радиациялык мониторинг боюнча КМШ макулдашуусун ратификацияладыЕАЭБ жана АСЕАН алгачкы ирет деңиз аркылуу жүк ташуу тажрыйбасы менен алмашыштыТоктогулда 30 гектар кайрак жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулду
БШКнын төрайымынын отургучуна Токтайым Үмөталиева отуруп алды – видео
01.12.2021 | 14:44
Бүгүн, 1-декабрда бир катар партиялардын өкүлдөрү Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү менен жолугушууга келишти. Алар 28-ноябрда добуштарды эсептөөнүн электрондук системасында орун алган мүчүлүштүк боюнча кырдаалды талкуулашууда.
Ал арада жыйынга кечигип келген Токтайым Үмөталиева Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова трибунага чыгып сүйлөп жатканда, анын отургучун алып отуруп алды. Шайлдабекованын отургучун алып жатканда БШК мүчөлөрү аны албоо керектигин айтышты, бирок Үмөталиева: “отургуч жок болсо эмнеге бизди чакырышты”, – деди.