Кыргызстан Пакистанга төө буурчак экспорттоону караштырууда

08.09.2026 | 17:59
Кыргызстандан Пакистанга төө буурчак экспорттоо маселеси каралды — Новости Кыргызстана

Кыргызстан Пакистанга төө буурчак экспорттоону пландаштырууда. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков менен Пакистандын элчиси Алтамаш Вазир Хандын жолугушуусунда талкууланды.

Тараптар төө буурчакты экспорттоо маселесин, анын ичинде кыргыз өндүрүүчүлөрү менен пакистандык импорттоочулардын ортосунда түз байланыштарды түзүү, соода көргөзмөлөрүн уюштуруу жана жеткирүү шарттарын иштеп чыгууну карашкан.

Минкабдын маалыматында, төө буурчактын жылдык экспорттук потенциалы 50 миң тоннадан ашат. 2025-жылы бул продукциянын экспортунун жалпы наркы 67 млн долларды түзгөн.

Ошондой эле тараптар сүйлөшүүлөрдүн алкагында жакынкы эки жылда өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүн 200 млн долларга чейин жеткирүү максатын белгилешкен. Бул көрсөткүчкө жетүү үчүн Пакистан рыногуна кыргыз айыл чарба продуктуларын жеткирүү боюнча биргелешкен иштерди баштоо макулдашылган.

Scroll to Top