Бишкекте чыр: блогер соттук-медициналык экспертизанын кызматкери менен тил табыша алган жокАйыл чарба министрлиги кайра иштетүүчүлөр менен уруксат берүүчү документтерди жөнөкөйлөтүүнү талкууладыЖапаров Бердымухамедов менен жолукту — эмнелер талкууландыКыргызстанда калктуу конуштарда көчмө май куюучу жайларга тыюу салуу сунушталуудаБишкекте 80 млн сомго жаңы терапия бөлүмү курулду — сүрөтЖапаров Борбордук Азия жана Азербайжандын бирдиктүү онлайн соода аянтчасын түзүүнү сунуштады
КММ үзгүлтүксүз камсыздоо: «Ынтымак Ордодо» күйүүчү май рыногундагы абал талкууланды
04.09.2026 | 17:45

«Ынтымак Ордо» резиденциясында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбековдун жетекчилиги алдында калкты жана өлкөнүн ишканаларын күйүүчү-майлоочу майлар менен туруктуу камсыздоо маселелери боюнча жумушчу кеңешме өттү.
Талкууга Энергетика министрлигинин, финансы секторунун өкүлдөрү жана мунай продуктуларын ташып келүүчү негизги компаниялар катышты. Жолугушуунун катышуучулары ички рыноктогу учурдагы абалды, жеткирүү логистикасын жана республикада күйүүчү майдын жетиштүү запасынын бар экендигин кеңири талдап чыгышты.
Кеңешменин жыйынтыгында тармактык мамлекеттик органдарга жана уюмдарга КММ рыногундагы туруктуулукту сактоо жана мүмкүн болуучу үзгүлтүктөрдү алдын алуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: кабмин