Кыргызстанда Голливуддун катышуусунда тартыла турган тасманын сценарийи даяр болду

Голливуддук кинематографисттердин катышуусунда Кыргызстанда тартылышы пландалып жаткан тасманын сценарийи даярдалды. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аяктагандан кийин өткөн жыйынтыктоочу маалымат жыйынында маданият ишмери Ассоль Молдокматова билдирди.
Анын айтымында, кинодолбоорду өндүрүүдө республиканын табигый локациялары жана Американын киноиндустриясынын стандарттары колдонулмакчы. Тасманын аталышы, тартуу иштеринин башталуу мөөнөтү жана бекитилген актердук курам азырынча ачыктала элек.
Буга чейин чет элдик киноиндустрия өкүлдөрүнүн Кыргызстандын аймагында тасма тартуу ниети бар экендиги кабарланган. Көчмөндөр оюндары өтүп жаткан күндөрү өлкөгө актёр Дон «Ажыдаар» Уилсон, режиссёр Эрик Ялгашев жана польшалык продюсер Збигнев Жмудский келип, тасма тартуу боюнча алдын ала сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.