РИИБ башчысынын орун басарынын жубайы зомбулукка кабылганын айтты. Акыйкатчы анын кызматта калышына суроо койдуБишкекте Шакиранын концертине шаардагы 6 жерден акысыз автобустар каттайтИшкерлерди текшерүүгө киргизилген мораторий ветеринардык көзөмөлгө жайылтылбайтЧикагодо Кыргызстандан барган жаранга сексуалдык зомбулук боюнча айып тагылдыКыргызстанда ресторандар менен мейманканалардын жүгүртүүсү бир жылда дээрлик 25%га өстүУКМК төрагасынын биринчи орун басары Авазов жана мурдагы саламаттык сактоо министри Досмамбетов кармалды
Бишкектеги №32 мектептин башталгыч класстар үчүн жаңы окуу имараты курулуп бүттү
07.09.2026 | 12:11
Бишкек шаарынын Свердлов районундагы №32 мектептин аймагында 250 орунга ылайыкталган жаңы окуу имаратынын курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Курулуш республикалык бюджеттин каражаты менен каржыланып, ушул жылдын февраль айында башталган. Имарат эки кабаттан жана жертөлөдөн турат. Объектинин жалпы аянты 2 миң 200 чарчы метрди түзөт.
Имарат башталгыч класстардын окуучулары үчүн багытталган. Анда окуу класстары, компьютердик класс, ийрим бөлмөлөрү жана ашкана жайгашкан. Объект жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет.


