Бишкекте үч эм жарык дүйнөгө келди

Бүгүн, 8-сентябрда, Бишкек шаарынданы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Перинаталдык борборунда үч эм төрөлдү. Апасы ымыркайларды кесарево жолу менен жарык дүйнөгө алып келген. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Эне ЭКУ ыкмасын колдонбостон, табигый жол менен төрт эмге кош бойлуу болгон. Кош бойлуулуктун 19-жумасында түйүлдүктөрдүн бири өнүгүүсүн токтоткон. Кош бойлуулукту сактап калуу максатында акушердик пессарий, жатын моюнчасына тигиш жана прогестерон терапиясы колдонулган.
Натыйжада кош бойлуулук 35 жумага чейин жеткирилип, эки уул жана бир кыз жарык дүйнөгө келди. Наристелердин салмагы 2350, 2600 жана 2340 граммды түзгөн.
Учурда эне жана балдар дарыгерлердин көзөмөлүндө турганы, алардын абалы туруктуу деп бааланып жатканы айтылды.