Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине Кыргызстандын атынан катталды. Бул маселени ЮНЕСКО комитети Парижде онлайн карады.
Кыргызстан тараптан Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Улуттук тарых музейинде онлайн форматта баяндама жасады. Баяндамаданы уккандан кийин ЮНЕСКОнун комитети «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: мурастардын кайра жаралуусу, маданий көп түрдүүлүктүн салтанаты» номинациясында ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды сактоо боюнча мыкты тажрыйбалардын тизмесине киргизүү чечимин кабыл алды.
Бул иш-чараны аталган министрлик фейсбуктагы баракчасы аркылуу түз берди.