БШКнын чырлуу жобосу эмнеге 3 жолу каралган?

БШКнын чырлуу жобосу эмнеге 3 жолу каралган?

Борбордук шайлоо комиссиясы 13-декабрь күнкү чырлуу жобону экинчи жолу караган. Анда коомчулукта күдөк ойлорду жаратып жаткан “2020-жылдын 26-июнундагы №121 «Президенттик жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктоону уюштуруунун тартиби жөнүндө Жобо» каралып, БШК мүчөлөрүнүн колдоосуна ээ болбой калган.

БШК мүчөсү Акбалык Жумалиева жыйында бул жобонун өзгөрүшүнө каршы пикирин билдирип, Шайлдабековага “мындай өзгөртүүнү шайлоого чейин киргизсек жакшы болмок. Мен аялдар квотасында эки аял болсо да макул болмокмун. Бирок, азыр маселе жаралбайбы?”- деп суроо салган.

Нуржан Шайлдабекова бул жободо 30 пайыздык аялдардын квотасы туура эмес саналып калганын, аны консититуциялык мыйзамга гана ылайыкташтыруу деп буларга токтолгон:

Жок, бул, ченемдик актылар боюнча мыйзамдарга ылайык, укуктук-ченемдик актылардын иерархиясы бар. Ошого ылайык конституциялык мыйзам жогору турат. Биз кабыл алган токтомдо, эсептөө жүргүзгөндө туура эмес саналып киргизилип калыптыр. Бул ката экен. Биз кабыл алып жатканда, Жергиликтүү кеңештегидей эсептелип, киргизилиш керек деп айтканбыз. Ошого карабастан ката кетип калыптыр. Биз ушундай өзгөрүүнү сунуштап жатабыз. Конституциялык мыйзамга гана ылайык келтирүү. Биздин жободо туура эмес турса, конституциялык мыйзамдын жобосу баары бир мандатты берүүдө колдонулат” – деп жооп берди.

Ал ортодо БШКнын дагы бир мүчөсү Абдыжапар Бекматов шайлоого чейин бул жобо каралышы керек болчу. Шайлоодон кийин каралбашы керек эле деп маселени кабыргасынан койгон.

Башмыйзамга ылайык келбесе, аны ылайык келтирүү боюнча укугубуз бар ошол себептен ушул токтом сунушталып жатат”- деди БШК төрайымы.

БШК мүчөлөрүнүн каршы пикирине карабай жобону добушка коюп, 6 макул, 4 каршы добуш менен жобо өтпөй калган. (8 “макул” деген добуш болсо өтмөк)

Макул болгондор:

1. Нуржан Шайлдабекова
2. Тынчтык Шайназаров
3. Нурлан Койчукеев
4. Искендер Гаипкулов
5. Марс Наспеков
6. Анар Дубанбаева

Каршы болгондор:

1. Акбалык Жумалиева
2. Айдана Жупуева
3. Абдыжапар Бекматов
4. Кайрат Маматов

Бул “чырлуу” жобо 2021-жылдын 15-ноябрында кабыл алынган. Андан соң парламенттик шайлоодон кийин 13-декабрда каралып, өтпөй калган. Кайра бул жобо 15-декабрда каралып, көпчүлүк добуш менен өтүп кеткен. Тактап айтканда, 7 мандат алган “Альянс” партиясына 3 аялга квота берилип, автоматтык түрдө Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалчага мандат берилмей болуп калды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>