Кыргызстандык Медет кызы Азия оюндарында күрөштөн коло медаль алдыAsman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэриАгартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдады
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине катталды (ВИДЕО)
16.12.2021 | 17:55
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине Кыргызстандын атынан катталды. Бул маселени ЮНЕСКО комитети Парижде онлайн карады.
Кыргызстан тараптан Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Улуттук тарых музейинде онлайн форматта баяндама жасады. Баяндамаданы уккандан кийин ЮНЕСКОнун комитети “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: мурастардын кайра жаралуусу, маданий көп түрдүүлүктүн салтанаты” номинациясында ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды сактоо боюнча мыкты тажрыйбалардын тизмесине киргизүү чечимин кабыл алды.
Бул иш-чараны аталган министрлик фейсбуктагы баракчасы аркылуу түз берди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар