Бишкекте Түрк дүйнөсү жаштарынын II форуму өтөтБишкекте адамдарды тоноп жүргөндөр кармалды — арасында жаш балдар барКыргызстанда Россиянын маданият күндөрү өтөт Жогорку жаза — коомдук тынчсызданууга жоопБишкектеги кафе-ресторандарды дааратканага жарандарды акысыз киргизүүгө милдеттендирүү сунушталуудаБишкекте жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелгендер кармалды
Сокулуктагы баланын жыныстык мүчөсүн тилген кишинин иши сотко өттү
04.04.2022 | 15:17
Сокулук районунда баланы мыкаачылык менен сабады деп айыпталып жаткан Александр Самаркиндин кылмыш иши сотко өттү. Бул маалыматты Reporter.kgге Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы тастыктады.
Иш Сокулук райондук сотунда каралат. Алдын ала маалыматка караганда, угуу эртең болот.
Эске салсак, 3-февраль күнү 2020-жылы туулган бала денесинен жаракат алып Сокулук аймактык ооруканасына түшкөн. Кийинчерээк ден соолукка зыян келтирген деген шек менен баланын ата-энесинин жумуш берүүчүсү жана апасынын чогуу жашаган 1987-жылы туулган Александр Самаркин кармалганы белгилүү болгон. Алардын чоң энеси баланы эжеси менен Орусияга алып кетүүнү көздөп жатканы маалым болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар