Бишкек: Унаа уурдаган жаран кармалды

Бишкек: Унаа уурдаган жаран кармалды

Октябрь РИИБнин аймактык тескөөчүлөрү тарабынан бир катар алдамчылык фактыларына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

2022-жылдын 6-мартында С.М. аттуу жаран И.Н.га карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Ал милиция кызматкерлерине үстүбүздөгү жылдын 3-мартында «Ахунбаев жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде туруп, алдоо жолу менен анын ишенимине кирип, 3500 долларлык «Мазда» үлгүсүндөгү автоунаасын ижарага берүү шылтоосу менен алган. Андан соң унаасын үчүнчү жактарга сатып, белгисиз тарапка качып кеткен.

Бул факт Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин РИИБге катталып, негизинде кылмыш иши козголгон.

Иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Октябрь райондук милициясынын 4-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган И.Н кармалып, тергөө абагына киргизилди. Шектүү Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайында.

Октябрь райондук соту шектүүгө карата Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге камакка алуу менен эки айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын колдонгон.

Мындан тышкары, анын ушул сыяктуу 25 кылмышты жасоого тиешеси бар экендиги аныкталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>