УКМК Оштогу «Манас» турак жай комплексиндеги маселени текшерип, курулушту күзгө чейин бүтүрүүнү тапшырдыМугалимдердин билим деңгээли: Байсаловдун айтканында жан барбы?Жеке автомектептердин иши токтотулуп, ишкерлер нааразы болууда. Туманбаев жооп бердиКыргызстандын Улуттук банкы эсептик ченди он бир пайыз деңгээлинде сактадыДүйнөлү банк Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун андан ары каржылоого даярКыргызстан жана Түштүк Корея акылдуу айылдардын технологиясын киргизүү жана ирригацияны модернизациялоо боюнча макулдашты
Чукул билдирүү: Аба ырайы кескин өзгөрөт. Жаан, кар, суук…
09.09.2022 | 22:37
11-12-сентябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, абанын температурасы кескин төмөндөп:
- 12-13-сентябрь күнү Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12°, күндүз 20…25°,
- Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2…7°, күндүз 17…22°,
- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөндөрүндө түнкүсүн 12…17°, күндүз 23…28°, тоолуу райондордо түнкүсүн 1…6°, күндүз 11…16°, бийик тоолордо түнкүсүн 0…-5°, күндүз 4…9°га чейин төмөндөйт.
- Ал эми бул күндөрү Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 4…9°, күндүзү 18…23°,
- Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2…7°, күндүз 17…22°ка чейин болушу күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом