«Кыргызсериал» мамлекеттик мекеме түзүлдү

«Кыргызсериал»  мамлекеттик мекеме түзүлдү

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин  алдындагы «Кыргызсериал» чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмеси” мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Тиешелүү чечим  Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынды.

Кабыл алынган чечимге ылайык Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин алдындагы “Кыргызсериал” ЧӨБ” ММ уставын иштеп чыгуусу жана бекитүүсү, ошондой эле ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруу жана башка чараларды көрүүсү тапшырылды.

«Кыргызсериал» чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмеси” мамлекеттик мекемеси кыска метраждуу тасмаларды жана сералдарды тартат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>