14 жашар кыздын өлүмү:  Төртүнчү шектүү кармалды

14 жашар кыздын өлүмү:  Төртүнчү шектүү кармалды

8-сентябрда жашы жете элек кыздын өлтүрүлүшү боюнча кылмыш ишинин алкагында суракка Кадамжай районунун жашы жете элек жашоочусу чакырылган.  Бул тууралуу Баткан облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал мыйзамдуу өкүлүнүн жана социалдык педагогдун катышуусунда суракка алынган. Тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен суракка алынган жашы жете элек бала өзгөчө оор кылмыш ишин жасоого шектелип кармалды.

Учурда ал убактылуу кармоочу жайда.

9-сентябрь күнү Кадамжай райондук сотунун чечими менен кармалган жашы жете элекке карата эки айга камакка алуу бөгөт чарасы тандалды.

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов да төртүнчү шектүү кармалганын билдирген болчу.

 

4-сентябрь күнү 14 жаштагы кыздын сөөгү Кадамжайда сел өтүүчү тоннелдин ичинен колу артка жип менен байланып, муунтулган абалда табылган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп,  кыздын өлүмүнө шектүү делип Халмион айыл аймагынын 3 тургуну кармалган. Алдын-ала маалыматтарга караганда зордукталып мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Кадамжайда 14 жашар кыз мыкаачылык менен өлтүрүлдү

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>