Ошто көчөнү кеңейтүүгө тоскоолдук кылган эки адам кармалдыКыргыз-герман ишкер кеңешинин отуруму сентябрда КРда өтөтТажикстанда компаниялардын кызматкерлерин жумуш ордунда көнүгүү жасоого милдеттендириштиЖамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт: 21-июнга карата аба ырайынын божомолуКыргызстан менен Монголия эт азыктарын жеткирүү пландарын белгилештиКыргызстан Кредиттерди камсыздандыруу боюнча Ислам корпорациясына кирүүнү пландап жатат
Конкубаева Башкы прокурордун орун басары болуп дайындалды
19.01.2023 | 19:30
Үмүткан Конкубаева Башкы прокурордун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.
Ачык булактардагы айрым маалыматтарда айтылгандай, 1976-жылы 1-февралда туулган.
Кайсы бир жылдары Башкы прокуратуранын соттун чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө жана пробация бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. Ошол кезде Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи деген наамга татыган.
Буга чейин бул кызматты Турусбек Ишеналиев ээлеп келген. Ал бүгүн Жапаровдун тескемеси менен Башкы прокурордун орун басары кызматынан бошотулду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат