Бишкекте баңгизат таратууга шектелген студент кармалды

19.06.2026 | 17:23
Бишкекте баңгизат таратууга шектелген студент кармалды — Новости Кыргызстана

КР ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) кызматкерлери Бишкекте синтетикалык баңгизаттарды жашыруун таштап кетүү (закладка) ыкмасы менен таратууга шектелген, 2007-жылы туулган жогорку окуу жайлардын биринин студентин кармашты.

Кармалгандан кийин шектүү мурда даярдалган жашыруун жерлерди көрсөтүп берген. Ал жерден кызматкерлер изолента менен оролгон синтетикалык баңгизаты бар 29 түйүнчөктү таап, алып коюшкан.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси («Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо») боюнча кылмыш иши козголду.

Бишкекте баңгизат таратууга шектелген студент кармалды — фото 4

ИИМден белгилешкендей, буга чейин БМЖККК кызматкерлери аталган окуу жайда баңги кылмыштуулугунун алдын алууга жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан кылмыштар үчүн жоопкерчиликти түшүндүрүүгө багытталган профилактикалык лекцияларды өткөрүшкөн.

Бишкекте баңгизат таратууга шектелген студент кармалды — фото 5
Scroll to Top