Бишкек: Ыштан улам өзгөчө кырдаал жарыялоого негиз барбы? Жооп

Бишкек: Ыштан улам өзгөчө кырдаал жарыялоого негиз барбы? Жооп

Бишкекте абанын булганышына байланыштуу өзгөчө кырдаал киргизүүгө негиз барбы” деген суроону эл өкүлү Исхак Масалиев берди. Бул суроого Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жооп бергенин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин жообунда айтылгандай,  Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кыргызгидромет кызматы абанын булгануусуна байкоо жүргүзүүдө төмөнкүдөй функцияларды аткарат:

1) Шаарларда жана башка калктуу пункттарда аба сапатына мониторинг жүргүзүү;

2) Мамлекеттик органдар, калк, массалык маалымат каражаттар жана башка кызыкдар уюмдарды атмосфералык абанын сапаты боюнча маалымат менен камсыз кылат.

Буга ылайык өлкөнүн аймагында абанын курамын кирдетүүчү заттарды аныктоо Бишкек, Ош, Кара-Балта, Токмок жана Чолпон-Ата шаарларында 14 стационардык пост жана 1 автоматтык станцияда жүргүзүлөт. Аталган байкоонун жыйынтыгы күн сайын тиешелүү мамлекеттик органдарга жана социалдык тармактарга жиберилет.

Ал эми абанын булганышы боюнча өзгөчө кырдаал киргизүүгө төмөнкү критерий негиз болот.

— атмосферадагы жол берилген зыяндуу концентрациялардын 50 эсеге жана андан ашык жогорулашы өзгөчө кырдаалдарды жарыялоого себеп болот.

Учурда Бишкек шаарынын атмосферасында жол берилген зыяндуу концентрациялардын саны 9-10 эседен ашкан жок.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550 токтомунун (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-июлундагы № 391 токтомунун редакциясына ылайык) Атмосферанын курамынын жана касиетинин өзгөрүшү жөнүндөгү 44 -пунктунда ачык жана так жазылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>