КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Быйыл Ысык-Ата районунда жалпы 34,5 чакырым жол асфальтталат
19.06.2026 | 17:51

Быйылкы жылы Чүйдүн Ысык-Ата районунун жол инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча иштердин алкагында аймакта жалпы 34,5 чакырым жолго асфальт төшөлөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Азыркы тапка чейин Жээк – Гагарина унаа жолунун 5 чакырым бөлүгүн асфальттоо толук бүткөрүлдү. Ошондой эле Новопокровка – Туз жана Красная Речка – Ысык-Ата унаа жолдорун асфальттоо иштери аяктады.
Учурда Кант – Горная Серафимовка унаа жолунун 9 чакырымдан ашык тилкесине асфальт төшөөгө даярдык көрүлүүдө. Туз – Интернационал – Жар-Башы жолунун 3 чакырым бөлүгүндө болсо жер жумуштары аткарылып жатат. Ал эми райондогу башка жол тилкелеринде да оңдоо иштери уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Чүй