2027-жылдан тарта Кыргызстанда инфляцияны ооздуктоо боюнча мамлекеттик программа иштей баштайтАчык аба ырайы жана +23°Cге чейин жылыйт: 20-октябрга карата аба ырайыСамаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштады
Бишкекте 16-июндан тарта эки көчө оңдоо үчүн убактылуу жабылды
16.06.2026 | 13:34

Бишкек шаарында жол инфраструктурасын жакшыртуу жана оңдоо иштерине байланыштуу бүгүн, 16-июндан, тарта Кыргыз жана Иманалиев көчөлөрүнүн тилкелери транспорт кыймылы үчүн убактылуу жабылды. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Кыргыз көчөсү Саадаев көчөсүнөн Кичи Чүй каналына чейинки бөлүгү жабылды. Буга байланыштуу №23 жана №203 автобус каттамдарынын жүрүү схемалары убактылуу өзгөртүлдү.
Ал эми Иманалиев көчөсүнүн 7-апрель көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки аралыгында унаа кыймылына чектөө киргизилди.
Бишкек шаарынын мэриясы айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга жана жол жүрүү багыттарын алдын ала пландаштырууга чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом