Эксклюзив

Жарандар өздөрүнүн кыймылсыз мүлкү боюнча бүтүмдөргө тыюу сала алышат

15.06.2026 | 11:46
Жарандар өздөрүнүн кыймылсыз мүлкү боюнча бүтүмдөргө тыюу сала алышат — Новости Кыргызстана

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев кыймылсыз мүлк ээлерине өз мүлкү боюнча ар кандай каттоо аракеттерине өз алдынча тыюу салууга мүмкүнчүлүк берген мыйзам долбоорун демилгеледи.

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде белгиленгендей, бул демилге жарандарды алдамчылардан коргоого багытталган. Алдамчылар адамдарды алдоо, ишенимине кирүү же психологиялык басым көрсөтүү аркылуу турак жайын сатууга, башка бирөөнүн атына өткөрүп берүүгө же ар кандай чектөөлөрдү каттатууга мажбурлап келишет.

Мыйзам долбоорунун авторунун айтымында, мындай схемалардын курмандыгы көбүнчө улгайган адамдар болуп калууда. Дал ушундай фактылар боюнча жарандардан көптөгөн кайрылуулар түшкөндүктөн, ал бул мыйзам долбоорун иштеп чыккан.

Автор негиздемеде белгилегендей, алдамчылар жарандардын ишенчээктигин, жаш курагын, ден соолугунун абалын же юридикалык сабаттуулугунун жетишсиздигин пайдаланып, алардын кесепеттерин толук түшүнбөгөн документтерге кол койдура алышат.

Бекешевдин айтымында, бүтүм катталгандан кийин бузулган укуктарды калыбына келтирүү өтө кыйын. Жарандар сотко кайрылууга, убакыт жана каражат сарптоого аргасыз болушат. Айрым учурларда кыймылсыз мүлктү кайра кайтарып алуу таптакыр мүмкүн болбой калат.

Мындай учурлардын алдын алуу үчүн депутат өзүнө өзү тыюу салуу механизмин киргизүүнү сунуштоодо. Кыймылсыз мүлктүн ээлери акысыз түрдө арыз берип, өздөрүнүн батирине, үйүнө, жер тилкесине же андагы үлүшүнө байланыштуу каттоо аракеттерине тыюу сала алышат.

«Мурда жарандар Мамлекеттик кадастрга арыз менен кайрылып, мындай бүтүмдөргө өзүнө өзү тыюу салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болчу. Тилекке каршы, бул норма күчүн жоготкон. Белгилүү болгондой, 2025-жылы биз кредиттер боюнча өзүнө өзү тыюу салуу механизмин киргизгенбиз. Бүгүнкү күндө бул мүмкүнчүлүктөн 280 миң жаран пайдаланды. Мен дагы ушундай эле механизмди сунуштап жатам. Жарандар тиешелүү органга же “Түндүк” системасы аркылуу арыз берип, өзүнө өзү тыюу сала алышы керек. Министрлер кабинети мыйзам долбоору боюнча корутундусунда бул маселени мыйзам долбоорун кабыл албай эле чечсе болмок деп жазыптыр. Анда эмне үчүн чечпей жатат?» — деди депутат Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында.

Мамлекеттик реестрге тиешелүү белги киргизилгенден кийин, мүлк ээсинин өзү тыюуну алып салмайынча, кыймылсыз мүлктү сатуу, менчик укугун өткөрүп берүү, оорчулук салуу же башка ушул сыяктуу аракеттерди каттоо мүмкүн болбой калат.

Автордун пикиринде, мындай чара алдамчылыктан кошумча коргоону камсыздайт. Эгер адам басымга кабылып же алдамчылардын курмандыгы болуп калса, кылмышкерлер анын мүлкүн тез арада өз атына өткөрүп бере албайт.

Мындан тышкары, мыйзам долбооруна ылайык, өзүнө өзү тыюу салууну алып салуу жөнүндө арыз берилгенден кийин ал дароо эмес, 24 саат өткөн соң гана күчүн жоготот. Демилгечинин айтымында, бул мүлк ээсине чечимин кайрадан ойлонуп чыгууга, жакындары же юристтер менен кеңешүүгө жана шашылыш кадамдардан алыс болууга мүмкүнчүлүк берет.

Дагы бир коргоо чарасы катары билдирүү системасы киргизилет. Жаран өзүнө өзү тыюу салуу киргизилгени, аны алып салуу боюнча арыз түшкөнү, тыюу алынганы, ошондой эле анын кыймылсыз мүлкү боюнча кандайдыр бир каттоо аракеттерин жүргүзүү аракеттери тууралуу кабарламаларды алып турат.

Ошол эле учурда мыйзам долбоору мыйзамдарда каралган айрым учурларга жайылтылбайт. Мисалы, күчүнө кирген сот чечимдерин аткарууга, аткаруу документтерине, мурасты тариздөөгө, техникалык каталарды оңдоого жана башка милдеттүү каттоо жол-жоболоруна бул тыюу тоскоол болбойт.

Бекешевдин пикиринде, мыйзам кабыл алынса, кыймылсыз мүлккө байланыштуу алдамчылык фактылары азайып, жарандардын менчик укугун коргоо күчөтүлөт, соттук талаштардын саны кыскарат жана өзгөчө алдамчылардын курмандыгы болуп калган улгайган адамдардын коопсуздугу жогорулайт.

Scroll to Top