Ички иштер министрлиги унаанын айнектерин караңгылатуунун акысын азайтууну сунуштоодо. Тиешелүү документ коомдук талкууга чыгарылды.
Министрликтин сунушу боюнча, унаанын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатуунун акысы 30 миң сомго арзандатылат:
— жеке жак-резиденттер үчүн 50 миң сом (азыр 80 миң сом);
— юридикалык жактар үчүн 70 миң сом (азыр 100 миң сом);
— резидент эместер үчүн 90 миң сом (азыр 120 миң сом).
Биздин Телеграм каналга катталыңыз