Абактагы адам ун саткан жеке ишкерди 224 миң сомго алдап кетти

Абактагы адам ун саткан жеке ишкерди 224 миң сомго алдап кетти

Чүй облусунда ун сатып ишкерлик кылган ишкерди абакта отурган жаран алдап кеткен. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Панфилов районунун 35 жаштагы тургуну ички иштер органдарына телефон алдамчыларга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Арыздануучунун айтымында, өзү жеке ишкер, ун сатуу менен алектенет жана интернетте өз продукциясын жарнамалайт.

Июнь айынын ортосунда ага “lalafo” мобилдик тиркемеси аркылуу белгисиз адам байланышып, ири өлчөмдө ун сатып алууну көздөп жатканын айткан. Ал тез эле ишкердин ишенимине кирип, 8 тонна унду машинага жүктөтүп, Токмок шаарындагы башка кампага жөнөтүүгө көндүргөн. Кийин ун башка жарандарга сатылып, 224 миң сомду алдамчылар ээлеп алган.

Бул факты боюнча Токмок ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси “Алдамчылык” боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.  Жакында алынган маалыматка караганда, ишкер белгисиз адам менен ундун ири партиясын ага берүү жөнүндө макулдашкан.

Алдамчылыктын схемасы боюнча, алдамчы чыныгы сатуучу менен кардардын ортосунда ортомчу болгон. Жабырлануучу эч нерседен шек санабастан унду жөнөткөн, ал эми 224 миң сом акчаны алдамчы жөнөткөн таксист алган. Андан соң, таксист жогорудагы акчак каражатын шектүүнүн эсебине которгон. Бул алдамчылык аракети сатуучуга акча жетпей калгандан кийин аныкталган. Белгисиз адам ишкерлерди, айдоочуларды, кампа кызматкерлерин өз кылтагына илген.

Жогорудагы алдамчылык фактыларына эркиндигинен ажыратуу жайында жазасын өтөп жаткан жарандын тиешеси бар экени аныкталган.

Бул боюнча Чүй облусунун аймагында жайгашкан түзөтүү абагында каракчылык үчүн соттолуп, жазасын өтөп жаткан жаран А.А. аныкталып, кармалды. Ал Токмок ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кошумча иликтөө иштери жүрүп жатат. Кармалган жарандын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>