Бишкекте жол кайгуул кызматкери уксустун аралашмасын ичип алган 9 айлык наристеге убагында мециналык жардам көрсөтүлүшүнө көмөктөштү. Анын видеосу интернетке жарыяланды.
Маалыматка караганда, көчөдө турган милицияга 9 айлык наристенин апасы кайрылып, баласын ооруканага жеткирип берүүнү өтүнгөн. Милиция кызматтык унаа менен бөбөктү тез арада №3 клиникага алып барган. Ал жерде дарыгерлер дароо жардам көрсөтүп, бала аман калды.
«Наристе үйдө ойноп жатып дасторкон үстүндө турган уксус аралашмасын ичип алган», — деп кайгуул кызматкери.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз