Япониялык компаниялар Кыргызстандагы сурьмага жана кремнийге кызыгыштыМинистрлер кабинети: Кыргызстанда күйүүчү майдын кору жылдын аягына чейин жетиштүү«Миллиондор үчүн оюн»: MBusiness’те 15 миллион сомдон ашык байге фонду менен акция башталатБишкекте оңдолгон имараттардын фасадын өз алдынча өзгөртүүгө тыюу салындыУлуттук банк эсептик ченди 12% деңгээлинде сактады: инфляция 10,8%га чейин төмөндөдү«Кумтөрдүн» тогуз айдагы кирешеси 1 млрд доллардан ашып, таза пайдасы 548 млн долларды түздү
GPS жана видеокамера менен жабдылган. ЖКККББга жаңы автоунаалар тапшырылды
16.09.2025 | 15:55

Бүгүн министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына 150 жаңы автоунаа тапшырды.
Минкаб башчысынын айтымында, бул унаалар GPS-навигация, видеобайкоо камералары жана рациялар менен жабдылган. Касымалиевдин сөзүнө караганда, Бишкекте гана 400 миңден ашык автоунаа катталганы үчүн жол кыймылын тартипке салууда кызматкерлерди заманбап техника менен камсыз кылуу өзгөчө маанилүү.
Ошондой эле иш-чарада ӨКМдин Куткаруу кызматынын 7 кызматкери жана 16 милиция кызматкери өзгөчө кызматтары үчүн сыйланып, автоунаалар менен бирге алкыш алды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом