Бишкектин Калыс-Ордо конушунда бала бакчанын курулушу башталды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, мектепке чейинки билим берүү мекемесинин аянты — 1 390 чарчы метр, жалпы аянты — 0,68 гектар.
Долбоор боюнча имаратта уктоочу бөлмөлөр, оюн-зоок, ашкана, жуунуучу бөлмөлөрү, медициналык кабинет, кызматкерлердин бөлмөсү, музыкалык-гимнастикалык зал, кампалар жана техникалык жайлар жайгашкан.
«Подрядчы «Арай» ЖЧКсы менен курулуш-монтаждоо иштерин аткарууга келишим түзүлдү. Учурда жер казуу иштери аткарылып, траншеяларды кум-шагыл менен толтуруу иштери бүткөрүлүп, пайдубалдын бетонун куюга арматураларын токуу иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз