Түнкүсүн үшүк жүрүп, күн ачык болот: 25-октябрга карата аба ырайыБишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөт
Калыс-Ордо конушунда бала бакчанын курулушу башталды
16.07.2023 | 16:50
Бишкектин Калыс-Ордо конушунда бала бакчанын курулушу башталды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, мектепке чейинки билим берүү мекемесинин аянты – 1 390 чарчы метр, жалпы аянты – 0,68 гектар.
Долбоор боюнча имаратта уктоочу бөлмөлөр, оюн-зоок, ашкана, жуунуучу бөлмөлөрү, медициналык кабинет, кызматкерлердин бөлмөсү, музыкалык-гимнастикалык зал, кампалар жана техникалык жайлар жайгашкан.
«Подрядчы «Арай» ЖЧКсы менен курулуш-монтаждоо иштерин аткарууга келишим түзүлдү. Учурда жер казуу иштери аткарылып, траншеяларды кум-шагыл менен толтуруу иштери бүткөрүлүп, пайдубалдын бетонун куюга арматураларын токуу иштери жүрүп жатат», – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом