Кыргызстанда август айында аба ырайы кандай болот?

Кыргызстанда август айында аба ырайы кандай болот?

Кыргызгидромет 2023-жылдын август айына карата аба ырайынын болжолун жарыялады.

Абанын айлык орточо температурасы жана жаан-чачындын айлык көлөмү климаттык нормага жакын болушу күтүлөт.

Чүй облусу 

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 22…24 градус жылуу, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо 15…+17 градус жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 8…13 градустан 16…21 градуска чейин, күндүз 21…26 градустан 31…36 градуска чейин жылуу болушу күтүлөт. Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 8…13° жылуу, күндүз 18…23°тан 25°… 30°ка чейин өзгөрүшү күтүлөт.  Жаан-чачындын айлык көлөмү климаттык нормага жакын болушу күтүлөт.

Талас облусу  

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, +18…+20° жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 6…11°дан 12…17°ка чейин, күндүз 18…23° жылуулуктан 28…33° ысык болушу күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (6-12 мм).

Ош облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп 23…25°, тоо этектеринде 19…21° жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +13…+18°дан +21…+26°ка чейин, күндүз +23…+28°дан +33…+38°ка чейин өзгөрүшү күтүлөт. Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 7…12°дан 14…19°ка чейин, күндүз 18…23°тан 28…33°ка чейин ысык болушу күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү климаттык нормага жакын болушу күтүлөт (4-11 мм, тоо этектеринде 13-19 мм).

Жалал-Абад облусу 

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп 23…25°, тоо этектеринде 19…21° жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +13…+18°дан +21…+26°ка чейин, күндүз +23…+28°дан +33…+38°ка чейин өзгөрүшү күтүлөт. Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 7…12°дан 14…19°ка чейин, күндүз 18…23° жылуулуктан 28…33° жылуу болушу күтүлөт. Токтогул районунда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 10…15°тан 16…21°ка чейин, күндүз 20…25°тан 29…34°ка чейин ысык болушу күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү климаттык нормага жакын болушу күтүлөт (6-8 мм, тоо этектеринде 28-32 мм).

Баткен облусу 

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп 23…25°, тоо этектеринде 19…21° жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +13…+18°дан +21…+26°ка чейин, күндүз +23…+28°дан +33…+38°ка чейин ысышы күтүлөт. Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 7…12°дан 14…19°ка чейин, күндүз 18…23°тан 28…33°ка чейин ысык болушу күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү климаттык нормага жакын болушу күтүлөт (4-6 мм, тоо этектеринде 7-9 мм).

Ысык-Көл облусу 

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 16…+18° жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 3…8°дан 11…16°ка чейин, күндүз 16…21°тан 26…31°ка чейин жогорулашы күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү климаттык нормага жакын болушу күтүлөт (31-39 мм, чыгышта 53-80 мм).

Нарын облусу  

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 16…+18° жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2…+7°дан 10…+15°ка чейин, күндүз 15…+20°дан 25…30°ка чейин өзгөрүшү күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (13-28 мм).

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>