Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
Канттагы Жаштар аллеясында беш метрлик «Тоос» жана «Комуз» пайда болду
27.08.2026 | 18:14

Кант шаарынын Жаштар аллеясында эки жаңы арт-объектти — «Тоос» жана «Комузду» орнотуу иштери аяктап калды, деп билдирет шаардык мэриянын басма сөз кызматы. Жаңы инсталляциялар аллеяда буга чейин орнотулган «Периште канаты» жана «Сардал кыз» арт-объекттерин толуктайт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, «Тоосту» жасоо идеясы Кант шаарынын мэри Улан Майлибашевдин Кытайга болгон жумушчу сапары учурунда пайда болуп, ал жакта арт-объекттин баштапкы эскизин даярдаган.
«Кытайда тоос кушу бакубатчылыктын символу катары саналып, ийгиликти жана өнүгүүнү билдирген феникс кушу менен байланыштырылат. Биз Кантты абдан жакшы көрөбүз жана шаарыбыздын өсүп-өнүгүшүн, ал эми тургундарын дайыма бакубатчылык жана ийгилик коштоп жүрүшүн каалайбыз», — деп айтылат маалыматта.


«Тоос» инсталляциясынын бийиктиги 5 метрди, туурасы 4,5 метрди түзөт. «Комуздун» бийиктиги 4,3 метрге, ал эми туурасы 2,5 метрге жетет.
Эки конструкция тең сырткы жана ички жарыктандыруу менен жабдылган, мунун аркасында арт-объекттер түнкүсүн (караңгы киргенде) жарык берип турат.
Орнотуу (монтаждоо) иштерин 31-августка чейин аяктоо пландалууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом