Касымалиев, Ниязбеков, Туманбаев: президент бир катар жетекчилерге сыйлыктарды тапшырды

Өлкө башчы Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана ардак наамын ыйгаруу жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында кабарланды.
Сыйлыктар Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүн белгилөө иш-чараларын уюштурууга катышкандыгы, ошондой эле кесиптик иши үчүн тапшырылды.
Жарлыкка ылайык, КРдин Министрлер кабинетинин төрагасы — президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев «Кыргыз Республикасынын Эмгек Баатыры» наамы менен сыйланды.
Ошондой эле I даражадагы «Манас» ордени менен ички иштер министри Улан Ниязбеков, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев сыйланышты. Ал эми III даражадагы «Манас» ордени менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов сыйланды.
Мындан тышкары маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевге жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденовго жана башка мамлекеттик кызмакерлерге «Даңк» ордени ыйгарылды.
Мындан тышкары өлкө башчы бир катар мамлекеттик кызматкерлерди «Ардак» медалы менен сыйлады.