Эксклюзив

«Хейт мени чыйралтты»: Кыргызстан ханышасы Алена Хоменко соттор, авиация жана жеңиш тууралуу

03.11.2026 | 16:33
«Хейт мени чыйралтты»: Кыргызстан ханышасы Алена Хоменко соттор, авиация жана жеңиш тууралуу — Новости Кыргызстана

7-ноябрда белгиленүүчү Маалымат жана басма сөз күнүнүн алдында «Кыргызстан аэропорттору» ААКтын басма сөз катчысы Алена Хоменко Reporter.kg басылмасына журналистикадан авиацияга чейинки басып өткөн жолу, көп миллиондук соттук доолор, күнү-түнү иштеген жумушу, хейтке болгон мамилеси жана сулуулук сынагындагы күтүүсүз жеңиши тууралуу айтып берди.

— Алена, бүгүн сиз журналисттер менен дээрлик күнү-түнү байланыштасыз. Бирок карьераңызды аркы өйүздөн баштагансыз — өзүңүз ЖМКда иштегенсиз. Журналистикага кантип келип калдыңыз?

— Журналистикага тээ 2007-жылы келгем. Ал кезде Караколдо бүт Ысык-Көлгө көрсөткөн жергиликтүү «Антен ТВ» телеканалы иштечү. Ал жакта иштөөнү баары кыялданчу.

Бир курбу кызым журналист болууну абдан каалачу. Кастинг жарыяланганда, колдоо көрсөтүүм үчүн аны менен чогуу баруумду өтүндү. Ал кезде бул кесипке өзүм деле анча кызыкчу эмесмин.

Экөөбүз чогуу бардык, экөөбүздү тең редакцияга, жаңылыктар бөлүмүнө кабыл алышты. Курбум алты айдай иштеп кетип калды, ал эми мен калдым. Менин бүтүндөй карьерам дал ушундан башталат деп ким ойлоптур!

Башында жаңылыктарды алып баруучу болдум. Караколдо орус кызы жаңылыктарды алып барып жатканына көбү таң калчу. Мен үчүн бул сонун мезгил эле. Биз курч темаларды көтөрүп, депутаттарга, мэрияга, облустук администрацияга чейин барып, комментарий талап кылчубуз.

Кийин турмушка чыктым, балалуу болдум. Иштебей калган учурларым болду, бирок декретте болсо да журналист баары бир байланышта калат.

Ажырашкандан кийин, болжол менен 2018–2019-жылдары, менин карьерам гүлдөп баштады десем болот. Редакцияда иштебей, Бишкектин телеканалдарынын жана маалымат агенттиктеринин өздүк кабарчысы болдум. Ошол эле учурда жигердүү блог жүргүзө баштадым.

— Караколдо кийин шаардын мэри болгон Эрмат Жумаев менен чогуу иштештиңиз. Сиздердин кызматташтык кантип башталган?

— Эрмат Жумаевич менен өтө илгери таанышканбыз. Кайсы жылы экени да эсимде жок. Ал кезде ал жергиликтүү «Жашылдандыруу» («Зеленстрой») ишканасын жетектеп турчу.

Биз дайыма шаардагы көйгөйлөрдү көтөрүп чыкчубуз: борбордогу куураган чөптөр, сугарылбаган бак-дарактар, таштандылар. Ал мага: «Алена, дагы эле ошол бактар жөнүндө жазып жатасыңбы? Баарын сугардык, баарын жасадык. Постторуңду өчүрүп салчы», — дечү. Мен болсо: «Жок, Эрмат, мен эч нерсени өчүрбөйм», — деп жооп берчүмүн.

Билесизби, азыр өзүм басма сөз катчы болуп иштеп жатып, кээде журналисттерге чалып, кайсы бир макаланы өчүрүп коюуну өтүнөм. Алар болсо: «Алена, биз эч нерсени өчүрбөйбүз», — дешет. Ошондо: «Эх, мындай да болот турбайбы!» — деп ойлоп калам. (Күлөт.) Эми гана бул иш канчалык татаал экенин түшүнүп отурам.

Бара-бара Эрмат Жумаевич экөөбүз жакын дос болуп кеттик. Ал мэр болгондо жанына команда топтоду. Ал убакта мен медиа тармагын жакшы түшүнүп, байланышты кантип түзүүнү жана адамды коомчулукка кантип тааныштырууну өздөштүрүп калган элем.

Шаардын бакубаттыгы үчүн бирге иштедик, түз эфирлерди өткөрдүк, объекттерге чыктык. Мен Эрмат Жумаевдин тушунда Караколдо тартип орногон деп эсептейм. Мен үчүн ал шаардын эң мыкты мэрлеринин бири. Азыр кесиптик жолубуз эки башка кетти: ал Таласта эмгектенет, мен — «Кыргызстан аэропортторундамын». Бирок жакшы мамилебизди улантып келебиз.

— Кайсынысы татаалыраак: чогуу иштеген жетекчини коргоо же аркы өйүздө туруп кемчиликтерди көрсөтүүбү?

— Чындап аракет кылган жакшы жетекчи менен иштегенде басма сөз катчыга жеңилирээк. Көрсөтө турган, айтып бере турган нерселер бар.

Албетте, аркы өйүздө туруп: «бул жагын бүтүрбөптүр, тиги жагын тазалабаптыр, мына бул жерде бир нерсе бузулуптур» деп айтуу алда канча оңой. Үйдө диванда жатып алып, системанын ичинен кандай иштээрин билбей туруп сындоо жеңил.

Ал эми бул системага өзүң аралашканда, мунун артында кандай зор мээнет жатканын түшүнөсүң. Бир тилкени калыбына келтирип бүткүчө, башка жактан бир нерсе чыгат. Ал жакка чуркап барып, кезектеги «өрттү» өчүрөсүң, кайра жаңы көйгөй жаралат.

Авиацияда бул өзгөчө байкалат. Мисалы, аба ырайынын шартына байланыштуу каттам токтотулат. Бул жүргүнчүлөрдүн коопсуздук маселеси, бирок адамдар: «Мен кечигип калдым! Эмнеге учакты токтоттуңар?» — деп нааразы болушат.

Дарегибизге толтура жагымсыз сөздөр жаайт! Биз бул алардын коопсуздугу үчүн экенин түшүндүрөбүз. Кээ бирөө түшүнөт, кээ бири түшүнбөйт. Ал эми сен отуруп алып өзүңө: «Тынчтан, Алена, тынчтан. Баары жайында», — деп айтасың.

Андан кийин жүргүнчүгө таптакыр жайбаракат үн менен: «Саламатсызбы! Аба ырайынын катаал шартына байланыштуу каттам токтотулду. Кечирим сурайбыз», — деп жооп бересиң.

— Караколдо коомдук иштер менен алектенип, жер талаштарына катышкансыз. Сизге каршы көп миллиондук доо арыз түшкөн мезгил да болгон. Мындай басымга кантип туруштук бердиңиз?

— Эмоционалдык жактан абдан оор болду. Соттук териштирүүлөр өтө көп күч-кубатты жана нервди талап кылат.

Ал кезде мен жигердүү блог жүргүзчүмүн. Бир жолу кошунасы менен жер талашы чыккан таанышым кайрылып калды.

Кичинекей эле тилке жөнүндө сөз болуп жаткандай сезилген. Бирок чыр ушунчалыкка жетип, бир тарап экинчи тараптын үйүн буздурууну талап кыла баштаган. Үйдүн дубалы кошунанын жерине көлөкө түшүрүп, аны толук кандуу пайдаланууга тоскоолдук кылат имиш.

Мен бул ишке аралашканда иш Жогорку сотко чейин жетип калган болчу.

Негизи, менин биринчи билимим — экономикалык. «Экономикага тапшырам» деп чечип, ошол боюнча эле кирип кеткем. Эмнеге экенин ушул кезге чейин түшүнбөйм.

Ал эми журналист болуп иштей баштаганда мыйзамдарды билүү керектигин түшүндүм. Ошондуктан юриспруденцияга окууга тапшырдым. Азыр да окуп жатам, жакында бардык иштерди коргоп, диплом алам деп үмүттөнөм. Андан соң лицензия алып, юридикалык тармакта өнүгүүнү каалайм. Бул мага чындап кызык.

Жогорку соттун отурумуна даярданып, ишти утуп алдык.

Бирок каршы тарапка мындай жыйынтык жаккан жок. Буга чейин алар шаардык жана облустук соттордо утуп келишкен, анан эле кайдан-жайдан чыккан бир Алена жеңип кетип жатат.

Мындан кийин мага карата чабуулдар башталды. Жумушума келип, арыз жазып, мени өлкөдөн чыгарып жиберүүнү талап кылышты. Фамилиям Хоменко болгондуктан, Украинага кетишим керек дешти. Мен УКМКга кайрылдым, бирок менин баамымда, ал кезде мындай билдирүүлөргө олуттуу деле көңүл бурулчу эмес.

Анан бир күнү жумушума соттон чакыруу кагазын алып келишти. Конвертти ачсам — миллиондогон сомдук доо арыз. Анын үстүнө сотко мени эле эмес, мен жардам берген адамды да беришиптир. Ага чалып: «Кана, акчаңды даярда!» — дедим.

Жаңы соттук териштирүүлөр башталды. Отурумдарга барып, акыйкаттыгыбызды далилдеп жүрдүк. Абдан нервди жеген күндөр болду. Акыры баары тараптардын бири-бирине эч кандай милдеттенмеси жок тарашы менен аяктады. Эч ким эч кимге карыз эмес.

Жер талашын биз утуп алдык. Азыр баары тынчыды. Кээде ойлонуп кетем: балким, ошол адамдар көчөдө жолугуп калып, эмнеге ушунча жыл соттоштук деп өздөрү да түшүнбөй жатышса керек.

— Бул татаал тажрыйба «Кыргызстан аэропорттору» сыяктуу ири компаниянын өкүлү болуп жаткан азыркы ишиңизде жардам бердиби?

— Абдан жардам берди. Айрыкча интернетте мени катуу сындап жаткан мезгил.

Блогду жаңыдан жигердүү жүргүзө баштаганда, көбү «чет өлкөдөн саясий башпаанек алуу үчүн өзүн атайын куугунтукка кабылган адам катары көрсөтүп жатат» деп чыгышкан. Мен аларга: «Балдар, убакыт өтөт, мен эч жакка кетпей турганымды далилдейм. Бул менин мекеним», — деп жооп берчүмүн.

Ооба, мен Казакстанда туулгам, бирок беш жашымда Караколго көчүп келгенбиз. Менин балалыгым ушул жерде өттү. Мен өзүмдү кыргыз деп эсептейм. Адамдар мени өлкөдөн чыгып кетүүнү каалайт деп айтышканда таң калчумун. Мен аларга: «Убакыт өтөт, менин бул жерде калганымды, ал эми көбүңүздөрдүн кетип калганыңыздарды көрөсүздөр», — деп айтчумун.

Ошондой эле болду. Мени сындагандардын көбү азыр Орусияда, Америкада жана башка өлкөлөрдө жашашат. Мен болсо бул жердемин.

Ал тажрыйба мени чындап чыйралтты. Азыр жеке өзүмө карата айтылган терс комментарийлер мага күлкүлүү гана сезилет.

— Демек, хейтке жайбаракат карайсызбы?

— Албетте. Жазып жатышабы — демек, талкуулап жатышат. Демек, сен адамдарга кызыксың. Мейли, терс жагынан талкууласа дагы.

Кээде узак убакытка чейин сын болбой калса: «Ой тобо, менин сүйүктүү хейтерлерим кайда кетти? Эмнеге мен жөнүндө эч ким жазбай калды?» — деп ойлоп калам. Анан тамашалап: «Мен жөнүндө кайра сөз болушу үчүн бир нерсе чыгарып коюш керек окшойт», — дейм.

Оюгу терең көйнөк кийип, сүрөткө түшүп койсом болду — талкуу үчүн тема даяр! (Күлөт.)

— Маалымат жана басма сөз күнүнө карата өткөрүлгөн иш-чаралардын биринде сизге «Мыкты басма сөз катчы» сыйлыгы тапшырылганы эсимде. Салтанаттын видеосу социалдык тармактарда кызуу талкууланган: сыйлыкты тапшырган адам көзүн такыр башка жакка кадап турганын көбү байкашкан. Буга кандай карадыңыз?

— Бул жаңылыштыкты анын боюна шылтайлы! Бою менден кыска болчу, көзү кайда жетсе, ошол жакты карап калды да. (Күлөт.) Эсесине видео кызыктуу болду. Менде — миллиондогон көрүүлөр, анда — жакшы комментарийлер.

— Бүгүнкү күндө «Кыргызстан аэропорттору» тутумунда канча адам эмгектенет?

— Өлкө боюнча бизде 3,5 миңге жакын кызматкер бар.

Жумуш өтө татаал, күнү-түнү уланат. Расмий түрдө беш күн иштеп, эки күн эс алган графиктегилер да иш жүзүндө каалаган убакта ишке киришүүгө даяр болушу керек.

Авиация — бул баары тынымсыз кыймылда болгон жана сөзсүз бир нерсе болуп турган тармак. Бир жерде каттам кармалат, аба ырайы бузулат, жүк жоголот, каттоо токтоп калат же тутум иштебей калат.

Мындай жагдайлар өтө көп. Биз күн сайын эртең менен жумушка келип: «Оо Кудай, бүгүн баары тынч, нервибиз коробой өтсө экен!» — деп тилейбиз. Бирок сөзсүз бир нерсе чыгат.

Анын үстүнө көйгөй дайыма эле биздин күнөөбүздөн чыга бербейт. Кээде бул авиакомпаниянын жоопкерчилиги болот.

Бирок жүргүнчүлөрдүн түшүнүгү бир эле: эгер аэропортто бир нерсе болсо, демек, аэропорт күнөөлүү. Эл аралык авиакомпаниянын учагы кармалса — аэропорт күнөөлүү. Ошентип бардык терс маанай бизге багытталат.

Авиакомпаниялар менен байланышып, себептерин тактоого, эмнеге жүргүнчүлөргө алдын ала эскертилбегенин суроого туура келет.

Көптөгөн ташуучулар элге өз убагында маалымат берүүгө аракет кылышат. Бирок буга тийиштүү көңүл бурбагандар да бар. Мындай учурда кырдаалды өзүбүз түшүндүрүп, кечирим сурап, ошол эле учурда жылмайып турууга аргасыз болобуз.

— Соңку жылдардагы Кыргызстандын авиациясынын өнүгүшүнө кандай баа бересиз?

— Акыркы эки жылда авиациянын өнүгүшүндө чоң секирик жасалды деп эсептейм. Бул көбүнчө жетекчибиз Манасбек Самидиновго жана анын командасына байланыштуу.

Абдан күчтүү команда чогулду. Адамдар жөн гана жумуш күнүн өткөрүп, үйгө кетиш үчүн иштешпейт. Алар башталган ишти чындап жыйынтыкка жеткирүүгө аракет кылышат.

Бизде тапшырмалардын сапатына жана аткарылуу мөөнөтүнө чоң көңүл бурулганы мага жагат. Манасбек Самидинович өзү да ар бир адамдан конкреттүү натыйжаларды талап кылат.

— Ал кандай жетекчи? Сырттан биз костюм-шымчан, галстук тагынган адамды көрөбүз, ал эми жумушта кандай?

— Мыкты жетекчи. Аны менен иштешүү абдан ыңгайлуу, бирок ал эч нерсе талап кылбагандыктан эмес. Тескерисинче, ал бизди тынымсыз өсүүгө мажбурлайт. Эгер кимдир бирөө жалкоолоно баштаса, дароо катуу эскертүү алып, өзүнө келет.

Анан дагы анын директордон тартып короо шыпыруучуга чейинки бардык кызматкерлерге көңүл бурганы жагат. Ал үчүн ар бир адам маанилүү. Ал абдан адамгерчиликтүү, боорукер, түшүнүктүү, ар дайым жардам берүүгө даяр.

Кээде такыр күчүм калбай калганда: «Самидиновичке барып келейинчи, бир жакшылап урушуп алсын», — дейм.

Анткени ал бизди ушунчалык шыктандыра алат, бөлмөсүнөн жарым жылга жете турган дем-күч алып чыгасың. Мен бул командага кошулганыма абдан кубанычтамын.

— Авиация болбогондо, азыр кайда иштемексиз?

— Жаңы жумуш тандап жатканда сунуштар көп болчу. Чынын айтсам, ал кезде көйгөйү азыраак жер издеп жүргөм. Журналистикадан, блогерликтен жана элдин көңүл борборунда болуудан ушунчалык чарчагандыктан, тынчтыкты жана бейпилдикти кааладым.

Аэропортко чейин бир аз убакыт Мамлекеттик каттоо кызматында (Госрегистр) басма сөз катчы болуп иштедим. Жер талаштарына катышкан тажрыйбам бар болгондуктан, жумушум да ошого байланыштуу эле.

Анан капысынан мага авиацияга өтүүнү сунушташты. Абдан таң калдым. «Эми күн сайын аэропортко катташым керекпи? Коюңуздарчы! Жумушка чейин эки мүнөт баса албай жатсам, мындай алыс жолду сунуштап жатасыздар!» — деп ойлодум.

Эки айдай ойлондум. Анан өзүм да күтпөгөн жерден макул болдум. Башында жол укмуштуудай узак сезилчү. Азыр көнүп калдым, эч кандай маселе жок.

Жетекчи чалат: «Кайдасың?»

Мен: «Он мүнөттө барам!» — деп жооп берем да, аэропортко карай учам.

Бирок чечимиме бир да жолу өкүнгөн жокмун. Бул жумуш мага чындап жагат. Авиация — сүйбөй коюуга мүмкүн болбогон тармак.

— Reporter.kg окурмандары үчүн эксклюзивдүү жаңылыгыңыз барбы? Компаниянын кандай пландары бар?

— Жакында эле Франкфуртта (Германия) өткөн Routes World 2026 ири эл аралык авиациялык иш-чарасына катышып келдик.

Биз демөөрчү болуп чыгып, өлкөбүздү тааныштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук. Кыргызстан тууралуу видеоролик даярдаганбыз. Ишенбейсиздер, катышуучулардын көбү биз жөнүндө билбей да калышыптыр!

Биздин туристтик жана авиациялык дараметибизди көргөндө аябай таң калышты. Биз ага үн коштоону кошпой, жөн гана кыргыздын улуттук музыкасын жана аэропортторубуздун, жаратылышыбыздын, туристтик жайларыбыздын кооз кадрларын пайдаландык. Абдан таасирдүү чыкты.

Көрсөтүүдөн кийин бизге авиация тармагынын өкүлдөрү келип: «Келгиле сүйлөшөлү, каттамдарды ачалы, кызматташалы», — дей башташты. Кыргызстан чоң кызыгуу жаратты.

Менин оюмча, Евробиримдиктеги алгачкы багыттардын бири Берлин болот. Азыр биз Asman Airlines улуттук авиаташуучусуна чоң үмүт артып жатабыз. Эки учак келери менен Германияга биринчи каттамды уюштурабыз деген үмүттөбүз. Журналисттерди чогултуп, бул учууга чогуу жөнөгүбүз келет.

Максаттарыбыз көп жана аларга жетерибизге ишенем.

— Эми авиациянын ийгиликтеринен жеке жетишкендигиңизге өтсөк. Жакында эле «Кыргызстан ханышасы — 2026» наамына ээ болдуңуз. Сулуулук сынагына катышууга кантип бел байладыңыз?

— Бул «Миссис Кыргызстан — 2026» сынагы болчу. Ал турмушта болгон айымдар үчүн арналган. Эсимде болушунча, катышуучулардын курагы — 28 жаштан жогору.

Уюштуруучулары «Мисс Кыргызстан» сынагын өткөргөндөр эле. Быйыл алар биринчи жолу турмушка чыккан айымдар арасында сынак өткөрүүнү чечишиптир. Алгач кастинг болуп, андан кийин эки айлык даярдык жүрдү.

Көбү бизди жөн эле сахнага кооз көйнөктөр менен чыгып, баары өзүнөн-өзү болуп калды деп ойлошот. Андай эмес!

Жумуштан чыгып, тыгындар менен үйгө жетип, андан кийин репетицияларга шашчумун. Саламдашуу бийин үйрөндүк, костюмдарды даярдадык.

Бул өтө көп нервди жеди.

Эки жумадай өткөндөн кийин эле: «Бул жакка деги эмнеге келдим? Жашоомдо укмуштуу окуялар аз беле? Ушул сынакка аралашып эмне кереги бар эле!» — деп ойлоно баштагам.

— Жеңишке жетем деп ойлодуңуз беле?

— Такыр ойлогон эмесмин. Менин атаандаштарым абдан күчтүү, баары сулуу, таланттуу кыздар эле. Мен: «Кыздар жеңип алышса, сонун болот. Мен жок дегенде катышып көрөйүн, бул да кызыктуу тажрыйба», — деп ойлодум.

Сынак үчүн бийди өзүм ойлоп таптым. Костюмду Ошто араб көйнөктөрүн тиккен кызга буйрутма бердим.

Анан финал күнү келди. Сахнага чыгып, камера алдында иштеп көнүп калганыма карабастан, укмуштуудай корктум. Мени биринчи болуп чыгууга коюшту. Номерим да биринчи болду.

Бийик така менен турам, буттарым титирейт. «Азыр жыгылам. Мейли, жыгылсам да жок дегенде кооз кулап берейин», — деп ойлоп коём.

Бактыга жараша, жыгылган жокмун. Негизи менде эң жооптуу учурда сахнада кулап калмай адатым бар эле.

— Сизде чындап эле ушундай болгонбу?

— Албетте!

Бир жолу бүтүндөй жамааттын алдында мага грамота тапшырып жатышкан. Сахнага ушунчалык шашып чыга калам деп, сыйлыкты тапшыра турган адамдын бутунун алдына түз эле кулап түшкөм.

Туруп алып: «Рахмат, рахмат!» — деп өзүм да күлүп жатам.

Сынакта да: «Болду, азыр дагы менин фирмалык кулашым кайталанат», — деп ойлогом. Бирок бул ирет андай болгон жок.

— Ал эми аты-жөнүңүздү жарыялаганда эмнени сездиңиз?

— Сынактын бардык номерлери бүткөндөн кийин сыйлоо аземи башталды.

Мен кандайдыр бир кызыктыруучу наам аларыма ишенип турган элем. Ал жерде ар кандай номинациялар бар болчу: «Миссис Суктануу», «Миссис Стиль». Мен: «Болду, азыр мага „Миссис Блондинканы“ беришет да, ушуну менен бүтөт», — деп ойлогом.

Бирок сыйлыктар тапшырылып жатты, менин атым аталбайт.

Акырында беш катышуучу калдык. Така кийип турам, көйнөк оор, буттарым чарчады. Бир убакта: «Кыргызстан ханышасы — Алена Хоменко!» — деп жарыялашты.

Мен болсо эч нерсе түшүнбөй турам. Башында өз атымды да укпай калыптырмын. Мени: «Бар!» — деп түртө башташты.

Мен үчүн бул күтүлбөгөн окуя болду.

— Жеңиштен кийин социалдык тармактарда көп талкуу жүрдү. «Наам сатылып алынган» деген айыптоолорго кандай жооп кайтардыңыз?

— Албетте, хейт өтө көп болду. «Эмне үчүн ал?», «Эмнеге берди?», «Кантип мындай болуп калды?» деп сурап жатышты. Мен жөн гана: «Балдар, колдооңуздар үчүн рахмат, мейли ал ушундай болсо да», — деп койдум.

Мен үчүн бул жакшы тажрыйба болду. Жетекчибиз Манасбек Самидинович да куттуктады. Ал: «Азаматсың! Ал жакта да «Кыргызстан аэропортторун» унутпаптырсың», — деди.

Чындыгында, ар бир катышуучу өзүн тааныштырышы керек эле.

Мен болсо кыскача гана жазгам: «Алена Хоменко, эки кыздын энеси, «Кыргызстан аэропортторунун» пиар-менеджери, саякаттоону, спорт менен машыгууну жана бийлөөнү жакшы көрөт».

Негизи бардык сыйлыктарымды, грамоталарымды, жетишкендиктеримди тизмектеп койсом деле болмок. Бирок: «Эмне кереги бар? «Кыргызстан аэропорттору» — ушул сөз менен эле баары түшүнүктүү», — деп ойлодум.

Жетекчи куттуктап, белек тартуулады.

Жумушта көбү менин сынакка катышып жатканымды билишчү да эмес. Айрым кесиптештер билчү, бирок финалга келе алышкан жок.

Эртеси күнү жумушка келсем, баары: «Ии, ханыша, бир нерсе уттуңбу?» — деп сурап жатышат.

Баары таң калышты. Ким сүйүндү, ким капаланды — билбейм. Бирок мен аябай бактылуу болдум.

— Башкалардын ийгилиги баарына эле жага бербейт. Көрө албастыкка жана терс пикирлерге кандай карайсыз?

— Менин оюмча, көбүнчө өзү эч нерсеге жетпегендер сындашат. Анткени жашоодо бир нерсеге жетишкен, карьера курган, үй-бүлө куруп, бала тарбиялаган адамдар мунун канчалык татаал экенин билишет.

Иштөөгө, үй-бүлөгө көңүл бөлүүгө, тыкан көрүнүүгө, өнүгүүгө жетишүү керек. Бул — зор эмгек. Мындай жолду өз башынан өткөргөндөр, адатта, башкаларды түшүнүп, колдошот. Алар жөн гана: «Азаматсың, ушул демиңден жазба!» — деп айтышат.

«Кыргызстан аэропорттору» ААКтын басма сөз катчысы Алена Хоменко менен болгон толук маекти жакынкы арада Reporter.kg басылмасынын YouTube каналынан көрө аласыздар.

Эльвира Сатыбекова

Анара Мамытова

Scroll to Top