АКШнын көк бөрү боюнча курама командасы каза болгон кыргызстандык машыктыруучусунун үй-бүлөсүнөн кабар алды

АКШнын көк бөрү боюнча улуттук курама командасынын оюнчулары легендарлуу улакчы Мирлан Сраждиновдун жаркын элесине таазим кылуу үчүн анын үйүнө барышты. Америкалык команданын капитаны Лэдд Хауэлл спортчунун жакындарына көңүл айтып, үй-бүлөсүнө эстелик белектерди тапшырды.
Мирлан Сраждинов көп жылдар бою «Бөрүлү» клубунда жана Кыргызстандын курама командасында ойногон, ал эми 2016 жана 2018-жылдардагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында АКШ командасына насаатчылык кылган. Америкалык ковбойлор өз машыктыруучусун жылуу эскеришип, анын кыргыз спортун океандын ары жагында жайылтууда зор роль ойногонун жана эки өлкөнүн спортчуларын чын жүрөктөн жакындаштырганын баса белгилешти.
Эске салсак, көк бөрүнүн чыгаан чебери 2025-жылдын жазында Бишкекте өткөн турнирдик оюн учурунда кырсыктан улам мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.