Кара-Балтада аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар Кара-Балта шаарынын Оторбаев көчөсүндө жайгашкан батиринин бекилип калган эшигин ачышканда, ичинен 1954-жылы туулган Л.К. аттуу аял кишинин жансыз денеси табылган.
Жансыз дене ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Жерине 3 куткаруучу тартылган.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз