Экономика министрлиги алкоголдук ичимдиктерге акцизди жогорулатуу долбоорун кайтарып алдыЕАЭБ Пакистан менен эркин соода жөнүндө макулдашуу түзүүнү карап жатат«Көчөдө жашап, идиш жуучумун, эми өз үйүм болот» — Игорь БеляевКыргызстан менен Франция кардиология жана онкология жаатында кызматташатКыргызстандын мамлекеттик карызы 10,4 млрд долларга жетти«United Dance Weekend»: Бишкекте эл аралык бий фестивалы өтөт
Жалал-Абадда көзүнө бычак сайылып калган кызга операция жасалды
31.07.2023 | 10:14
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда көзүнө бычак сайылып калган 9 жашар кызга операция жасалды. Бул тууралуу облусттук балдар клиникалык оорукананын дарыгери Гүлбарчын Рахманова билдирди.
Маалыматка ылайык, Сузак районунун тургуну ооруканага кайрылган.
“Бир сааттык убакытты талап кылган бул операциянын жыйынтыгында кыздын кареги аман сакталып, көрүүсүнө жана ден соолугуна коркунуч жаралган учур артта калып, операция ийгиликтүү жасалды. Облустук балдар клиникалык ооруканасы балдарды алардын ата-энелерин этият болууга чакырат”, -деп жазылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом