Кармалганына 4 күн болгон. Сокулукта камактагы адам асынып алганы кабарланды

02.04.2024 | 21:35

Чүй облусунун Сокулук райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайында камакта отурган адам асынган абалда табылды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Милициянын маалыматы боюнча, камактагы жаран 2-апрелде болжол менен саат 18:10до камерада асынып алган. Маркум – 1983-жылы туулган У.Б. аттуу жаран. Ал алдамчылык иши боюнча шектүү болгон.

Аталган факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

“Текшерүүнүн жүрүшүндө 1983-жылы туулган У.Б. Сокулук райондук сотунун чечими менен издөөгө алынып, 30-мартта кармалгандан кийин Сокулук райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган”, – деп айтылат маалыматта.

Милиция билдиргендей, маркумдун сөөгүнө кароо жүргүзүлгөндө, денесинде эч кандай жаракаттар аныкталган эмес. Бул факт боюнча тиешелүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалды.

Ошондой эле ИИМден билдиришкендей, бул окуя министрликтин жана Чүй облустук милициянын жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды.

“Окуянын жагдайлары такталууда. Кызматтык текшерүү башталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө тийиштүү кызматкерлердин иш-аракеттерине баа берилип, күнөөлүлөргө чаралар көрүлөт. Процессулдык чечим кабыл алуу үчүн материалдар тиешелүү органдарга жөнөтүлөт”, – деп билдиришти ИИМден.

Scroll to Top