Кармалганына 4 күн болгон. Сокулукта камактагы адам асынып алганы кабарланды

Кармалганына 4 күн болгон. Сокулукта камактагы адам асынып алганы кабарланды

Чүй облусунун Сокулук райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайында камакта отурган адам асынган абалда табылды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Милициянын маалыматы боюнча, камактагы жаран 2-апрелде болжол менен саат 18:10до камерада асынып алган. Маркум — 1983-жылы туулган У.Б. аттуу жаран. Ал алдамчылык иши боюнча шектүү болгон.

Аталган факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

«Текшерүүнүн жүрүшүндө 1983-жылы туулган У.Б. Сокулук райондук сотунун чечими менен издөөгө алынып, 30-мартта кармалгандан кийин Сокулук райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган», — деп айтылат маалыматта.

Милиция билдиргендей, маркумдун сөөгүнө кароо жүргүзүлгөндө, денесинде эч кандай жаракаттар аныкталган эмес. Бул факт боюнча тиешелүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалды.

Ошондой эле ИИМден билдиришкендей, бул окуя министрликтин жана Чүй облустук милициянын жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды.

«Окуянын жагдайлары такталууда. Кызматтык текшерүү башталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө тийиштүү кызматкерлердин иш-аракеттерине баа берилип, күнөөлүлөргө чаралар көрүлөт. Процессулдык чечим кабыл алуу үчүн материалдар тиешелүү органдарга жөнөтүлөт», — деп билдиришти ИИМден.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>