Кара-Суу районунда декабрда жаңы базар курула баштайт — Туманбаев

Ош облусунун Кара-Суу районунда декабрь айында жаңы базардын курулушу башталат. Бул тууралуу 18-ноябрда соодагерлер менен болгон жолугушууда Президенттин Иш башкармасынын башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
«Мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча биз базардын курулушун баштайбыз. Ал жерде бардык зарыл шарттар түзүлөт. Андан кийин соода жаңы жайга көчүрүлөт», — деди ал.
Туманбаев Бишкекте жаңы Ош базары курула баштаганда соодагерлер ошондо да кооптонушканын, бирок базар курулуп бүткөнүн эске салды.
Эске салсак, Кара-Суу базарынын соодагерлери акимчиликтин имаратынын алдына митингге чыгышкан. Алардын айтымында, базардын жаңы администрациясы контейнерлерди субижарага берүүгө тыюу салууда. Ушундан улам ишкерлер иш жүзүндө бизнесинен ажырап калууда. Соодагерлер ошондой эле тарифтер көтөрүлгөнүнө даттанышкан.
Туманбаев соодагерлерге туура эмес маалымат берилгенин айтты. Анын айтымында, бийлик ижара акысын жана тарифтерди мурдагыдай калтырууну чечти. Ошондой эле контейнерлерди сатуу же ижарага берүү мүмкүнчүлүгү сакталып калат.