Дамир Осмонов катышкан Түрк медициналык дүйнөсүнүн конгресси өтүүдө

Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов 2026-жылдын 29–31-октябрында Стамбул шаарында өтүп жаткан Түрк медициналык дүйнөсүнүн 12-конгрессине катышууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз борбору билдирди.
Министр куттуктоо сөзүндө конгрессти уюштурганы жана медициналык илим тармагындагы эл аралык кызматташтыкка кошкон салымы үчүн Түркиянын өкмөтүнө, Саламаттык сактоо министрлигине жана Түркиянын Саламаттык сактоо институттарына (TÜSEB) ыраазычылык билдирди.
Осмонов Кыргызстан медициналык билим берүү, адистерди даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу, биргелешкен илимий изилдөөлөр, санариптик саламаттык сактоо, телемедицина, ошондой эле диагностика жана дарылоонун заманбап ыкмалары багыттарында кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин айтты.
Министр медициналык университеттердин, илимий борборлордун жана клиникалардын ортосунда түз байланыштарды түзүүнүн, ошондой эле биргелешкен билим берүү программаларын, стажировкаларды жана академиялык алмашууларды уюштуруунун маанилүүлүгүн өзүнчө белгиледи. Анын айтымында, мындай кызматташуунун негизги натыйжасы медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу жана жарандардын ден соолугун чыңдоо болушу керек.
Конгресс «Түрк медициналык дүйнөсүндө натыйжалуу саламаттык сактоо: глобалдык коркунучтарга туруктуу саламаттык сактоо системалары» деген ураан алдында өтүүдө. Күн тартибине саламаттык сактоо системаларынын туруктуулугу, медициналык илимди жана өндүрүштү өнүктүрүү, фармацевтика, вакциналар, биотехнологиялар, санариптик саламаттык сактоо жана жасалма интеллект маселелери киргизилген.