Ош облусунда вируссуз көчөттөрдү өстүрүү үчүн in vitro лабораториясы курулат

Ош облусунда вируссуз мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөттөрүн өстүрүү үчүн in vitro лабораториясы курулат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Долбоор Түркиянын өкүлдөрү менен жолугушууда каралып, анда тараптар вируссуз көчөттөрдү өндүрүүнү 2027-жылдан тарта уюштурууну макулдашышкан.
Ошондой эле сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө багбанчылык тармагын өнүктүрүү, көчөт өстүрүүдө биотехнологияларды колдонуу, ошондой эле долбоорду ишке ашыруунун уюштуруучулук жана практикалык маселелери каралган.
Министрликтин маалыматында, бул долбоорду жүзөгө ашыруу өлкөдө мөмө-жемиш көчөттөрүн өндүрүү көлөмүн көбөйтүүгө, дыйкандарды көчөттөр менен камсыздоону жакшыртууга жана Кыргызстанда багбанчылык тармагын өнүктүрүүгө шарт түзөт.
Маалымат үчүн: Вируссуз көчөттөр вирустардан жана патогендерден тазаланып, лабораториялык шартта микроклоналдык көбөйтүү ыкмасы менен өстүрүлөт. Мындай өсүмдүктөр вирустар жетип үлгүрбөгөн меристема ткандарынан алынып, тазалыгы текшерилгенден кийин топуракка .
Бул көчөттөр инфекциялар менен күрөшүүгө ресурстарды коротпостон, өсүмдүктүн сорттук потенциалын жана түшүмдүүлүгүн сактоого шарт түзөт. Ошондой эле картошка, жүзүм жана мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн сорттук сапаттарынын эрте бузулуу тобокелдигин азайтат. Агротехникалык эрежелер сакталган учурда көчөттөрдүн жерге көнүп кетиши жеңилдеп, мөмө берүү мөөнөтү узарат.