Ооганстандан ташылып келген 22,5 тонна бадыраң өлкөгө киргизилген жокОш облусунда вируссуз көчөттөрдү өстүрүү үчүн in vitro лабораториясы курулатБишкектин Селекция айылында 20-ноябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтКыргызстандын футбол курамасы Вьетнамды 2:1 эсебинде жеңдиОрусияда COVID-19дун ар кандай штаммдарынан коргоочу вакциналар иштелип чыктыЧүйдө киши көчөдөгү адамдарды аткан: эки бала жарадар болду
Ооганстандан ташылып келген 22,5 тонна бадыраң өлкөгө киргизилген жок
18.11.2026 | 11:38

Ооганстандан Кыргызстанга ташылып келе жаткан 22,5 тонна бадыраң өлкө аймагына киргизилбей, артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай чечим продукциянын фитосанитардык талаптарга жооп бербегендигине жана маркировкасынын жоктугуна байланыштуу кабыл алынган. Текшерүү Жалал-Абад облусунда жайгашкан «Кең-Сай» фитосанитардык көзөмөл пунктунда жүргүзүлгөн.
Министрлик өлкөнүн фитосанитардык коопсуздугун камсыз кылуу жана карантиндик организмдердин кирип келишине, таралышына жол бербөө иш-чаралары улантыларын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: Айыл чарба министрлиги, Ооганстан