Кыргызстан менен Өзбекстан картошканы үзгүлтүксүз жеткирүү боюнча макулдашты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, министр Эрлист Акунбеков 11-ноябрда Ташкентте Өзбекстандын айыл чарба министри Иброхим Абдурахмонов менен жолугушту. Тараптар кыргыз картошкасын Өзбекстанга экспорттоого тоскоолдуктар болбой турганын ырастап, үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыздоо боюнча макулдашты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Тараптар айыл чарба продукциясынын өз ара соодасын кеңейтүү, экспорттук тоскоолдуктарды жоюу, кайра иштетүү тармагына инвестиция тартуу жана биргелешкен өндүрүш ишканаларын түзүү маселелерин талкуулашты. Кыргыз тарап кыргызстандык кайра иштетүүчү ишканаларды Өзбекстандын тиешелүү реестрине киргизүү процессин тездетүүнү сунуштады. Бул алардын өзбек рыногуна чыгышын жеңилдетет. Кайра иштетүү тармагында биргелешкен ишканаларды түзүүгө, инвестиция тартууга жана өндүрүштүк кооперацияга өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле үрөнчүлүктү өнүктүрүү, мал чарбасына заманбап технологияларды киргизүү, асыл тукум иштерин өркүндөтүү жана картошка өстүрүү боюнча тажрыйба алмашуу маселелери каралды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар агрардык тармактагы инвестициялык жана соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин билдирип, талкууланган багыттар боюнча ишти улантууга макул болушту.