Өкмөт башчы жарым жылда 88,3 миң жумуш орду түзүлгөнүн билдирди

18.11.2026 | 12:07
Өкмөт башчы жарым жылда 88,3 миң жумуш орду түзүлгөнүн билдирди — Новости Кыргызстана

2026-жылдын биринчи жарымында Кыргызстанда 88,3 миң жаңы жумуш орду түзүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылы өлкөдө 273 миңден ашуун жумуш орду түзүлгөн.

Касымалиев ошондой эле негизги капиталга инвестициялардын көлөмү көбөйгөнүн айтты. 2025-жылы бул көрсөткүч 18,4 пайызга өскөн.

Ал эми 2026-жылдын он айында инвестициялардын көлөмү 422,9 млрд сомго жетип, 62,9 пайызга көбөйгөн.

Министрлер кабинетинин төрагасы мындан ары бийлик экономикалык өсүштүн сапатына, өндүрүштү технологиялык жактан өнүктүрүүгө жана ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өзгөчө көңүл бурарын белгиледи.

Scroll to Top