Кайра текшерүүсүз: КРда майыптыкты тариздөөнү өзгөртүү сунушталууда

17.11.2026 | 15:15
Кайра текшерүүсүз: КРда майыптыкты тариздөөнү өзгөртүү сунушталууда — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда 18 жашка толгон жаштар үчүн майыптыкты ырастоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүү жана социалдык жөлөкпулдарды төлөөдөгү үзгүлтүктөрдүн алдын алуу сунушталууда. Тиешелүү түзөтүүлөрдү КР ЖК депутаты Болот Сагынаев иштеп чыкты. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Атап айтканда, кайра медициналык текшерүүлөрдү зарыл учурда гана өткөрүү каралууда, ал эми кайра күбөлөндүрүү мамлекеттик органдардын же медициналык мекемелердин кечиктирүүсүнөн улам создугуп кетсе, төлөмдөрдү үч айга чейинки мөөнөткө узартууга болот.

Маалымкат-негиздемеде белгиленгендей, мурда «майыптыгы бар бала» макамына ээ болгон жаштар 18 жашка толгондо чоңдор үчүн белгиленген эрежелер боюнча кайра күбөлөндүрүүдөн өтүшү керек.

Бирок бойго жетүүнүн өзү эле адамдын ден соолугунун абалы өзгөргөнүн билдирбейт. Бул айрыкча организмдин функцияларынын туруктуу жана кайра калыбына келгис бузулушу менен коштолгон тубаса, генетикалык жана айыккыс оорулары бар адамдарга тиешелүү.

Мурда ырасталган диагноздордун жана текшерүүлөрдүн жыйынтыктары бар болгонуна карабастан, майыптыкты кайра тариздөөдө медициналык документтерди кайра чогултуу жана кошумча изилдөөлөрдөн өтүү зарылдыгы келип чыгышы мүмкүн.

Долбоорду иштеп чыккандар белгилегендей, бул ансыз да дарыланууга, дары-дармектерге, реабилитацияга жана туруктуу кам көрүүгө чыгым тартып жаткан үй-бүлөлөргө кошумча жүк жаратат.

Мындан тышкары, жолдомо тариздөө, документтерди чогултуу, медициналык-социалдык экспертиза жүргүзүү жана жөлөкпул чектөө өз ара тыгыз байланышта. Бул этаптардын кайсы бириндеги кечигүү адамдын убактылуу социалдык колдоосуз калышына алып келиши мүмкүн.

Бул көйгөй ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул күнүмдүк муктаждыктар жана ден соолукка байланыштуу чыгымдар үчүн каражат булактарынын бири болуп саналган үй-бүлөлөргө өзгөчө курч таасир этет.

Мыйзам долбооруна ылайык, тубаса, генетикалык же айыккыс оорулардын натыйжасында организмдин функцияларынын туруктуу жана кайра калыбына келгис бузулуулары медициналык документтер менен ырасталган жаштар үчүн 18 жашка толгондон кийин медициналык-социалдык экспертизадан өтүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартиби каралат.

Майыптык тобун аныктоодо адистер мурунку күбөлөндүрүүлөрдүн жыйынтыктарын, медициналык корутундуларды жана ден соолуктун абалына байкоо жүргүзүү маалыматтарын эске алууга милдеттүү болушат.

Эгерде чечим кабыл алуу үчүн колдо болгон медициналык маалыматтар жетиштүү болсо, кайрадан изилдөөлөрдү жүргүзүү талап кылынбайт.

Мында 18 жашка толуунун өзү эле адамды кайрадан стационардык текшерүүгө жиберүү үчүн негиз боло албайт. Кошумча изилдөөлөрдү негиздүү медициналык зарылчылык болгондо гана дайындоого уруксат берилет.

Ошондой эле жарандын өзүнүн же анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугу менен медициналык-социалдык экспертизаны сырттан же аралыктан өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталууда. Мындай жол-жобонун шарттарын минкаб аныктоого тийиш.

Дагы бир өзгөрүү документтерди тариздөө мөөнөттөрүнө тиешелүү. Майыптыктын чоңдор категориясына өтүүдө кечигүүлөрдү болтурбоо үчүн медициналык-социалдык экспертизага жолдомону адам 18 жашка толгонго чейин алдын ала тариздөө сунушталууда.

Эгерде адистер кошумча текшерүүлөрдү дайындоону чечишсе же жөнөкөйлөтүлгөн тартипти колдонуудан баш тартышса, алар өз чечимин негиздөөгө милдеттүү болушат. Жаран аны даттана алат.

Өзүнчө түзөтүүлөр ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдарды төлөөгө тиешелүү.

Эгерде адам кайра күбөлөндүрүүнү өз убагында баштап, бирок жол-жобо мамлекеттик органдардын же медициналык мекемелердин кечиктирүүсүнөн улам аяктабай калса, мурда чектелген жөлөкпулду төлөөнү улантуу сунушталууда.

Төлөм 18 жашка толгондугуна байланыштуу токтотулушу керек болгон күндөн тартып кайра күбөлөндүрүү аяктаганга чейин, бирок үч айдан ашпаган мөөнөткө узартылат.

Мында мындай чара кечигүү жарандын өзүнө байланышпаган себептерден улам болгон учурларда гана колдонулат. Эгерде төлөмдү токтотуу үчүн мыйзамда каралган башка негиздер болсо, жөлөкпул узартылбайт.

Экспертизадан өтүп, жөлөкпул алуу укугу ырасталгандан кийин мурда төлөнгөн суммалар ошол эле мезгил үчүн чектелген төлөмдөрдүн эсебине чегерилет. Бул бир эле айлар үчүн акчаны кайрадан которууну болтурбоого мүмкүндүк берет.

Иштеп чыккандар сунушталып жаткан өзгөртүүлөр 18 жаштан кийин майыптык автоматтык түрдө белгиленет дегенди билдирбей турганын баса белгилешет. Чечим мурдагыдай эле медициналык-социалдык экспертизанын жыйынтыгы боюнча кабыл алынат, ал эми жөлөкпул чектөө мыйзамда каралган негиздердин бар-жогуна жараша болот.

Жөнөкөйлөтүлгөн кайра күбөлөндүрүүнүн, жолдомолорду алдын ала тариздөөнүн жана социалдык төлөмдөрдү узартуунун тартибин минкаб аныктоого тийиш.

Анара Мамытова

Scroll to Top