Кыргызстанда МТЗ тракторлорун чыгаруучу завод куруу пландалууда

10.11.2026 | 10:52
В Кыргызстане планируют построить завод по сборке и производству тракторов МТЗ — Новости Кыргызстана

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков 9-ноябрда Беларуска болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстанда Минск трактор заводунун (МТЗ) атайын техникасын чогултуу жана чыгаруу боюнча завод куруу долбоорун талкуулады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

МТЗда аны Беларустун өнөр жай министринин орун басары Леонид Рыжковский жана заводдун башкы директорунун орун басары Александр Казакевич кабыл алышты. Алар делегацияга өндүрүш жайларын жана айыл чарба, жол куруу жана атайын жүргүнчүлөрдү ташуучу техникалардын көргөзмөсүн көрсөтүштү. Тараптар Кыргызстанда завод куруу долбоору боюнча иштерди активдештирүү маселесин талкуулашты.

Акунбеков Кыргызстанда машина-трактор паркын жаңылоо жана дыйкандарды жеткиликтүү техника менен камсыздоо боюнча чаралар көрүлүп жатканын белгилеп, бул багытта Беларусь менен кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.

Министрликтин басма сөз кызматы келтирген маалыматка ылайык, акыркы беш жылда Кыргызстанда айыл чарба техникасын лизингге берүү көлөмү акчалай эсептегенде жылына 35–40%га, ал эми техниканын саны боюнча 25–30%га өсүп жатат. Лизинг долбоорлорунун алкагында дыйкандарга жалпы суммасы 36,8 млрд сомду түзгөн 13 миңден ашык техника берилген.

Мындан тышкары, Акунбеков «Белнефтехим» мамлекеттик концернине да барды. Аны концерндин төрагасынын орун басары Владимир Сизов кабыл алды. Жолугушууда концерндин ишканалары чыгарган продукцияны Кыргызстанга жеткирүү маселеси талкууланды.

Делегация ошондой эле «Ждановичи» агрокомбинаты» мамлекеттик ишканасына барды. Ишкананын ишмердүүлүгү менен Беларустун айыл чарба жана азык-түлүк министринин биринчи орун басары Виталий Кулак тааныштырды. Тараптар жашылча жана сүт азыктарын өндүрүү, кайра иштетүү жана жеткирүү жаатында тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.

Scroll to Top