Кыргыз тили жана география мугалимдерине 6 миң «Алтын Казык» ноутбугу берилет

Кыргызстандын мектептериндеги кыргыз тили жана география мугалимдери үчүн «Алтын Казык» брендиндеги 6 миң ноутбук тапшырылды. Агартуу министрлигинин маалыматында, алар райондук билим берүү бөлүмдөрү аркылуу мугалимдерге таратылат.
Агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаевдин айтымында, буга чейин 47 миңден ашык мугалимге ноутбуктар берилген. Бул баскычта өлкөнүн география мугалимдери ноутбук менен толук камсыздалат. Ал эми жыл аягына чейин дагы 17 миңге жакын ноутбук тапшыруу каралууда.
Министрликтин маалыматында, техникалар Ислам өнүктүрүү банкынын (IsDB), Билим берүү үчүн глобалдык өнөктөштүктүн (GPE) жана Өнүктүрүү максатындагы ислам тилектештик фондунун (ISFD) колдоосу менен «Smart-Ed» долбоорунун алкагында берилүүдө.
Ноутбуктар И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин «Технопарк» ишканасында чогултулган. Компьютерлерге лицензияланган программалар, коопсуздук каражаттары жана методикалык колдонмолор орнотулган.