Рустам Сакиев «Кыргызстан улуттук электр тармагынын» башкы директору болуп дайындалды

13.11.2026 | 16:19
Рустам Сакиев «Кыргызстан улуттук электр тармагынын» башкы директору болуп дайындалды — Новости Кыргызстана

Рустам Сакиев «Кыргызстан улуттук электр тармагы» (КУЭТ/НЭСК) ААКнын башкы директору болуп дайындалды. Мындай чечимди компаниянын директорлор кеңеши кабыл алганын Энергетика министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, бүгүн, 13-ноябрда энергетика министринин орун басары Мирлан Парханов жаңы жетекчини жамаатка тааныштырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө ал ишкананын негизги милдеттерин белгиледи: керектөөчүлөрдү ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоо, электр тармактарын модернизациялоо, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасын өнүктүрүү.

Парханов күз-кыш мезгилинде электр тармактарынын туруктуу иштешине, оңдоо иштерин өз убагында жүргүзүүгө, абоненттерди тейлөө сапатын жогорулатууга жана санариптик технологияларды киргизүүгө өзгөчө көңүл бурду.

Компаниянын директорлор кеңешинин төрагасы Жыргалбек Турускулов жаңы жетекчинин ишине ийгилик каалап, бардык түзүмдүк бөлүмдөрдүн биргелешкен жана так иштешинин маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Рустам Сакиев энергетика тармагында 2011-жылдан бери эмгектенип келет. Ал И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин «Электр менен камсыздоо» адистиги боюнча аяктаган.

Жаңы жетекчи көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, компанияны мындан ары өнүктүрүү жана өлкөнү ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоо багытында иштөөгө даяр экенин билдирди.

Жаңы жетекчиликтин башкы максаты — күз-кыш мезгилинде туруктуу электр менен камсыздоо жана тармактарды модернизациялоо.

Scroll to Top