КРда пенсия алууга укугу жок жарандарга пенсиялык топтомолорун алууга уруксат берилиши мүмкүн

Кыргызстанда Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун каражаттарын төлөө тартибин өзгөртүү сунушталууда. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтом долбоорун Социалдык фонд иштеп чыкты. Документ айрым категориядагы жарандар, чет өлкөлүк кызматкерлер жана турак жай программаларынын катышуучулары үчүн пенсиялык топтомолорду алуунун жаңы эрежелерин карайт.
Негиздеме-маалымкатта белгиленгендей, колдонуудагы тартиптин негизги көйгөйлөрүнүн бири — Кыргызстанда убактылуу иштеген чет элдиктерге пенсиялык топтомолорду төлөп берүүгө байланыштуу.
Расмий иштеп жүргөн мезгилде чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тутумуна катышышат. Алар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнүп, анын бир бөлүгү пенсиялык топтомону түзүүгө багытталат.
Бирок ишин аяктап, Кыргызстандан чыгып кеткенден кийин бул каражаттарды алуу кыйынчылыктарды жаратууда.
Колдонуудагы эрежелерге ылайык, чет өлкөгө туруктуу жашоого чыгып кеткенде төлөмдү тариздөө үчүн тиешелүү белгиси бар каттоо эсебинен чыккандыгы тууралуу даректик маалымкат талап кылынат.
Ал эми өлкөдө убактылуу жүргөн чет элдиктер эмгек ишмердүүлүгү токтотулгандан кийин каттоо эсебинен автоматтык түрдө чыгарылат. Аларга мындай маалымкатты берүү мыйзамда каралган эмес.
Натыйжада Соцфондго мурдагы чет өлкөлүк кызматкерлерден кайрылуулар келип түшөт, бирок керектүү документтин жоктугу арыздарды кароону жана топтолгон каражатты төлөп берүү боюнча чечим кабыл алууну татаалдаштырат.
Дагы бир көйгөй — пенсия курагына жеткен, бирок пенсия чектөө үчүн талап кылынган камсыздандыруу стажы жок жарандарга тиешелүү. Ошол эле учурда алардын жеке камсыздандыруу эсептеринде пенсиялык топтомолору болушу мүмкүн.
Мындан тышкары, Соцфонд турак жай сатып алууда пенсиялык топтомолорду пайдалануу үчүн талап кылынган айрым документтерди кайра карап чыгуу зарыл деп эсептейт. Алардын айрымдары каржылоо максаттарына түздөн-түз тиешеси жок кошумча административдик процедураларды жаратууда.
Кыргызстанда убактылуу иштеген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн топтолгон каражаттарды алуунун өзүнчө тартибин белгилөө сунушталууда.
Негизги шарт — эмгек ишмердигин аяктоо жана республиканын чегинен чыгып кетүү.
Өлкөдөн чыгып кеткенге чейин чет өлкөлүк жумушчу Соцфонддун аймактык органына арыз менен кайрылып, төмөнкүлөрдү тиркей алат:
• каттоо талону;
• акыркы жумуш ордунан бошотулгандыгы жөнүндө буйруктун көчүрмөсү же буйруктан көчүрмө, же болбосо эмгек келишимин бузуу жөнүндө макулдашуунун көчүрмөсү.
Бул документтер өлкөдө убактылуу жүрүүнүн мыйзамдуулугун жана эмгек мамилелеринин токтотулгандыгын тастыкташы керек.
Эгерде жаран Кыргызстандан чыгып кеткен болсо, ал пенсиялык топтомолорду алуу үчүн кайрадан кайрыла алат. Бирок бул учурда арызды каралган документтерди тиркөө менен бирге почта аркылуу гана жөнөтүү керек болот.
Негиздеме-маалымкатта айтылгандай, арызды арыз ээсинин жеке колу коюлуп, почта аркылуу жөнөтүлүшү топтолгон акчаны үчүнчү жактардын мыйзамсыз алуу тобокелдигин азайтат.
Пенсияга укугу жок жарандар да топтомолорун ала алышат
Дагы бир маанилүү өзгөртүү — белгиленген пенсия курагына жеткен, бирок талап кылынган камсыздандыруу стажы жана пенсияга чыгууга укугу жок адамдарга тиешелүү.
Учурда бул категория пенсиялык топтомолорду алуучулардын тизмесинде өзүнчө каралган эмес.
Долбоор бул жарандарды пенсиялык топтомолорду алууга укугу бар адамдардын тизмесине киргизүүнү сунуштайт. Жеке камсыздандыруу эсебинде каражаты болсо, алар белгиленген тариздеги арыз менен Соцфонддун аймактык органына кайрыла алышат.
Бул категория үчүн пенсиялык топтомолорду бир жолку төлөп берүү каралууда.
Арыз зарыл документтер менен бирге кабыл алынган же жетишпеген документтер берилген күндөн тартып 15 календардык күндүн ичинде каралат.
Турак жай сатып алуу үчүн пенсиялык топтомолор
Өзгөртүүлөр турак жай сатып алуу үчүн пенсиялык топтомолорду пайдаланууга да тиешелүү.
Атап айтканда, үлүштүк курулушка катышып жаткан же куруучулардан турак жайды бөлүп төлөө (рассрочка) шартында сатып алып жаткан жарандар жана алардын жубайлары үчүн эрежелерди тактоо сунушталууда.
Долбоорго ылайык, пенсиялык топтомолорду курулуп жаткан да, курулуп бүткөн да объектилердеги турак жайларды төлөө үчүн пайдаланууга мүмкүн болот.
Колдонуудагы редакцияда тиешелүү жобо курулуп бүткөн объектилерге гана жайылтылат.
Топтомолорду пайдалануунун минималдуу суммасы 500 эсептик көрсөткүчтү түзөт. Бул учурда төлөмдүн өлчөмү келишим боюнча калган карыздын суммасынан ашпоого тийиш.
Ошондой эле ипотекалык насыялоодо пенсиялык топтомолорду пайдалануу үчүн зарыл болгон документтердин тизмесин кайра карап чыгуу сунушталууда.
Атап айтканда, ипотекалык келишим боюнча милдеттенмелердин жарым-жартылай же толук аткарылгандыгын тастыктоо талабын чыгарып салуу көздөлүүдө.
Соцфонд түшүндүргөндөй, фонддун милдети — баштапкы төгүмдү каржылоо же иштеп жаткан ипотекалык насыяны жабууну камсыз кылуу. Карыз алуучунун банк алдындагы милдеттенмелерин аткаруу деңгээли мындай каржылоону берүү үчүн негиз болуп саналбайт.
Иштеп чыгуучулардын пикиринде, колдонуудагы талап төлөмдөрдү тариздөө процедурасын негизсиз татаалдаштырышы мүмкүн.
Мындан тышкары, долбоор Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК / ГИК) жана Бишкек менен Ош шаарларынын мэриялары ишке ашырып жаткан мамлекеттик турак жай программаларынын катышуучулары, ошондой эле коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредиттик уюмдардын кардарлары үчүн тастыктоочу документтердин формаларын тактайт.
Чет өлкөгө көчүп кеткенде эмне өзгөрөт?
Өзгөртүүлөрдүн өзүнчө бир бөлүгү Кыргызстандан тышкары жакка көчүп жаткан жарандарга пенсиялык топтомолорду төлөп берүүгө тиешелүү.
Иштеп чыгуучулар белгилегендей, өзгөртүүлөрдүн зарылдыгы республиканын пенсиялык камсыздоо жана социалдык камсыздандыруу жаатындагы эл аралык келишимдик базасынын кеңейиши менен байланыштуу.
Төлөмдөрдүн тартибин топтолгон каражаттар кайсы мезгилде түзүлгөнүнө жараша бөлүштүрүү сунушталууда.
Тиешелүү эл аралык келишимдер күчүнө киргенге чейин топтолгон каражаттар чет өлкөгө чыгып кеткенде бир жолу төлөнүп берилет.
Мындай келишимдер күчүнө киргенден кийин топтолгон каражаттар КР мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу учуру келип жеткенде төлөнөт.
Учурда эрежелердин тиешелүү жоболорунда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн эмгекчилерин пенсия менен камсыздоо жөнүндө макулдашуу жана Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишим гана так көрсөтүлгөн.
Жаңы редакция Кыргызстандын пенсиялык камсыздоо жана социалдык камсыздандыруу жаатындагы эл аралык макулдашууларын жана келишимдерин толук камтыган бир кыйла жалпыланган аныктаманы карайт.
Анара Мамытова