Таластагы күрөөкана мыйзамсыз тартып алынган мүлктөрдү ээлерине кайтардыБишкекте автобуста телефон уурдоого шектелген жаран кармалды24-февралга карата аба ырайыБишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды
Казакстанда жасалма KG номер менен россиялык жаран кармалды
17.02.2023 | 15:03
Казакстанда унаасына жасалма кыргызстандык номер тагып жүргөн Россиянын жараны кармалды. Бул тууралуу polisia.kz билдирди.
Маалыматка караганда, 15-февралда Карабутак – Костанай жолунда полиция кызматкерлери Россиянын 36 жаштагы жараны айдап бара жаткан Mercedes-Benz унаасын токтоткон. Айдоочунун унаасында тагылган номер жасалма болуп чыккан.
Бул фактыга байланыштуу айдоочуга протокол түзулүп, жасалма номерлер алынган. Унаа айып аянтчасына токтотулган.
Соттун чечими менен Россиянын жараны айдоочулук күбөлүгүнөн бир жылга ажыратылып, бир күнгө камакка алынган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз